1-августтан тарта Кыргызстанда тамеки кутучаларынын дизайны өзгөрөт — аларда чылым чегүүнүн мүмкүн болгон кесепеттеринин сүрөттөрү тартылат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул чылым чеккендерге каршы күрөшүүдө жардам берет деп эсептейт.

Жаңы дизайндагы тамеки кутучалары супермаркеттердин текчелеринде 1-августтан тарта пайда боло баштайт. Аларда гангрена, тукумсуздук, инсульт, инфаркт, өпкө рагы жана пародонтоз ооруларынын кесепеттеринин сүрөттөрү тартылган болот.

Саламаттыкты сактоо министрлиги андай иллюстрациялар Кыргызстандагы тамеки тарткандардын санын азайтууга жардам берет деп эсептейт. Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде министрликтин тамекиге каршы күрөшүү боюнча улуттук координатору Чынара Бекбасова билдирди.

«Мындай нерселер тууралуу маалыматтарды алгандардын 80 пайызы чылым чегүүнү таштоо тууралуу ойлонуп башташат. […] Жыйынтыгында алардын көпчүлүгү адистерге жардам сурап кайрылышат», — деди ал.

Бекбасова тамекинин кутуларына «коркунучтуу» сүрөттөрдү тартып чыгарууга бюджеттен акча бөлүнбөгөндүгүн белгиледи. Анын айтымында, ал сүрөттөрдү Тайланддын Саламаттыкты сактоо министрлиги бекер берген.

«Бул программанын ишке ашырылуусуна мамлекет эч нерсе коротпой эле. Иштеп чыгуу үчүн бир аз каражат кеткен, бирок ал биздин айлыгыбыздын алкагындагы анча чоң эмес сумма», — деп билдирди ал.

Бекбасованын айтымында, иллюстрация сыртындагы рамкасы менен бирге кутунун маңдайкы бөлүгүнүн жарымына жакынын ээлеши керек.

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн жылдын декабрынын аягында «Тамеки кутучаларынын сырттарына жайгаштыруу үчүн чылым чегүүнүн зыяндуулугу тууралуу медициналык эскертүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндөгү» өкмөттүн токтомуна кол койгон.

Токтомго ылайык, андай сүрөттөр тамеки кутучаларында гана эмес, ошондой эле кальян үчүн тамекилерде да пайда болушу керек, а чылымдын өзүндө иллюстрациялык эскертүүлөр болот.

Тамеки кутучасына «коркунучтуу» сүрөттөрдү жайгаштыруу идеясы 2000-жылы Канадада пайда болгон. Ал өлкөнүн бийлиги билдиргендей, алты жылдын ичинде тамеки тарткандардын саны 2,5 пайызга азайган. Ошол эле жылдар аралыгында тамеки кутучасында андай сүрөттөр жок, болгону анын капталында кичинекей эскертүү жазуулары түшүрүлгөн АКШда чылым чеккендердин саны 3 пайызга кыскарган.

«Коркунучтуу» сүрөттөр түшүрүлгөн тамеки кутучалары Канадада 2000-жылы пайда болуп, алты жылдын ичинде – 2001-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта – тамеки чеккендердин азаюусунун пайызы 2,5%ды түзгөн. Мисалга, ошол эле жылдар аралыгында тамеки кутучаларында графикалык сүрөттөр жок, болгону эскертүү жазуулары бар АКШда тамеки тарткандар 3%га азайган.

Соцтармактардын реакциясы

Текчелерде пайда боло баштаган жаңы кутучадагы тамекилер «Фейсбук» социалдык түйүнүндө азыр эле кызуу талкууну жаратууда. Алсак, «Ноосфера» жарнак компаниясынын башчысы Алтынай Жуманазарова тамеки кутучаларында эскертүү сүрөттөрүнүн пайда болуп жатышына ачууланууда.

«Бүгүн мага тамеки алып келишкен, а анын кутучасында жарымында — чылым чегип жаткан киши жана инфаркт менен инсульт тууралуу маалыматтар жазылган. Алгач мен тилденип жибердим. Кийин ачуум келди. Анан сыртындагы целлофанын жыртып, сүрөттү маркер менен боёп салдым. Эми ал кутучанын жарымы кочкул көк түстө болуп калды», — деп жазды ал.

«Достор, а эмнеге «Куликовский» кондитер үйүнүн азыктарында таттуу семирүүгө алып барат деп жазылган эмес? «Намба» таксинин унааларында — жөө жүрүү пайдалуураак деп? Эмнеге Эл аралык «Манас» аба майданы учактар кээде кулайт деп жазбайт? А эгер төмөндөгүлөрдүн баары жазылса силер торт жегенди токтотуп, такси менен жүрбөй, учак менен учпай калат белеңер?» — деп суроо салган ал.

Ага Юрий Худобин аттуу колдонуучу каршы чыккан — ал калтырган билдирүүсүндө тамеки тартууга «көнүп калгандарды» «ыраатсыздар» деп атаган.

«Алгач баары эле тамекини таштоого белсенишет, бирок таштай албай коюшат да алар бул алсыздык таптакыр болбогондой эле идеялык тамеки чеккичтер болуп калышат!» — деп эсептейт ал.

Казакстандык Николай Шкода тамеки чегүүгө каршы күрөштүн өз өлкөсүндөгү тажрыйбасы тууралуу жазган. Ал бул аракетти «пайдасыз нерсе» деп эсептейт.

«Бизде, Казакстанда, эки жыл мурун бир эле маалда тамеки кутучаларына ушундай сүрөттөрдү түшүрүп, тамекиге болгон бааны акырындык менен кымбаттатып башташкан. Бир жылдан кийин ансыз деле кымбат тамекилер 1,5 эсеге кымбаттап кеткен. Анан мамлекет сыймыктануу менен: «Биздин сүрөттөрдөн улам бир жыл ичинде тамеки тарткандардын саны 2 пайызга азайды», деп жар салышкан. Бирок кыйла таасирдүүрөөк фактор бар болуп турганда статистикалык жаңылыштык деңгээлинде жыйынтык бул нерсенин таптакыр пайдасыздыгын далилдөөдө», — деп жазган ал.

Болжол менен тамеки өндүрүү компанияларынын биринде иштеген киевдик Оля Мелис кыргызстандыктардын «жолу болду» деп эсептейт. Айтымында, анткени кээ бир башка өлкөлөрдө «тыюуулар каталыраак».

«Ал сүрөттөрдүн бардыгы тең жаңы тамеки чегип баштагандардын санын азайтууга багытталган. Эгер сиз көп жылдан бери тамеки тартсаңыз, анда мамлекетке сезден көп деле пайда болбойт. Сизди дарылоо кымбатка турат. А башкаларды сактап калса болот», — деп жазды ал.

ru 05

ru 06

ru 07

ru 08

ru 09

ru 10

ru 11

ru 12