Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Одиссей» жана «Тойота Королла» автоунаалары сүзүштү. Жол кырсыгынын катышуучулары көйгөйдү чечүү үчүн ЖККны чакырбай эле «улууларды» күтө туруу чечимине келишкен.

Kloop.kgнин кабарчысы 29-июлда болгон эки унаанын катышуусундагы жол кырсынынын кесепеттерине күбө болгон.

Күбөлөрдүн айтымдарында, «Хонданын» айдоочусу Жумабек көчөсү менен бара жатып башкы жолдо бараткан «Тойотага» жол бошотпой койгон.

«Тойотанын» айдоочусу Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун чакырууга аракет кылганда кырсыктын экинчи катышуучусу «улууларды» күтө турууну сунуштаган.

«МАИни чакырбай эле коелу. Азыр улуулар келсин, ошондо чечишебиз», — деген «Хонданын» айдоочусу.

Бул акыркы ай ичинде Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган биринчи жол кырсыгы эмес.

Июлдун ортосунда «АКИпресс» маалымат агенттиги аталган көчөлөрдүн кесилишинде болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат жарыялаган. Ал кырсыктын жыйынтыгында 19 жаштагы бала жаракат алган.

«Кырсык болгон жерге барган дарыгерлер 19 жаштагы баланын оң алакан сөөгүндөгү жараатты аныкташты», — деп билдирген агенттик.

Июлдун башында «АКИпресс» маалымат агенттигинин «Репортер» рубрикасына Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда» менен «Москвич» сүзүшкөнү тууралуу маалымат жарыяланган.

Анда видеонун автору кырсыктын келип чыгышына көчөлөрдүн жарыктандырылбагандыгы жана алардын кесилишинде жол чырактын жоктугу себеп болгон болушу мүмкүн деп божомолдогон.

«[…] Кырсыктан каза болгондор жок. Бул жак жарыктандырылган эмес. Жол белгилери жакшы көрүнбөйт. Ошондуктан бул жерге жарык орнотуп койсо жакшы болот эле», — деп жазган видеонун автору.

ЖККдан Kloop.kgнин кабарчысына аталган жолдордун кесилишине жол чырак орнотуу сунушун Бишкек шаарынын мэриясына жөнөткөндүктөрүн айтышты.

«Ал жакта «Жол бошоткула» деген белги турат, башкы жол жана экинчи даражадагы жолдор көрсөтүлгөн. Биз акыркы жолу [жол чырак орнотуу боюнча] мэрияга сунуш жөнөткөнбүз, азыр жооп күтүп жатабыз», — деп билдирди кызматтын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева.