ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын мурдагы начальниги Абдували Акжоловдун туугандары Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү. Алар Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерин Акжоловду сабоого айыптап, бул ишти тергөө менен УКМКнын алектенишин талап кылышты.

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын мурдагы начальниги, отставкадагы полковник Абдували Акжоловдун жакындары Ак үйдүн алдында өткөргөн митингинин жүрүшүндө Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери алардын тууганын «сабагандыктарын» билдиришти. Акжолов «өзгөчө ири көлөмдөгү гашиш сатууга» айыпталууда.

«Биз талабыбыз анын ден соолугун калыбына келтирүү — бул биринчиден. Экинчи талап, аны жарым жан абалга жеткирип сабагандар мыйзам алдында жооп беришсин. Алар Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери. Үчүнчү талабыбыз тергөө иштерин башка орган текшерсин», — деди полковниктин бир тууганы агасы Мамаджан Акжолов.

Ал Акжолождун иши боюнча тергөө иштерин Баңгизатын көзөмөлдөө кызматы эмес, а Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жүргүзүүсүн каалайт. Акжоловдун жакындарынын пикиринде, Башкы прокуратура ИИМдин 10-башкармалыгынын мурдагы башчысын сабагандыгы үчүн Баңгизатын көзмөлдөө кызматынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгошу керек.

«Алар мыйзам алдында жооп берип, камакка алынуулары керек», — деп билдирди полковниктин бир тууганы.

Акжолов Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 4-июлда кармалган. Мекеменин билдирүүсү боюнча, колго түшүрүү маалында ал «куралдуу каршылык көрсөтүп», «ао жерден качып кетүүгө аракет кылган».

«[…] Андан соң Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери күч колдонууга мажбур болушуп, каршылык көрсөтүү аракетинде кармалгандын жанынан 8 огу менен тапанча алышкан», — деп билдирген мекеменин басма сөз кызматы.

Мекемеден кармалган адамдын бир нече кылмыш иштерине тиешеси болгондугун белгилешкен: мурдагы муфтий Мураталы ажы Жумановду уурдоо фактысы боюнча; «Манас» аба майданынын кызматкерине кол салуу; Бишкек шаардык кеңешинин депутатынан акча талап кылуу.

Бирок Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынан жактоочу Авас Мамбетакунов билдиргендей, Акжолов кармалгандан кийин аны мекеменин имаратына эмес, а Бишкектин №4 шаардык ооруканасына жеткиргендиктерине ишендирип жатышат.

«Азаттык үнү» сайты жактоочу Авас Мамбетакуновго шилтеме жасап, Баңгизатын көзөмөлдөө кызматы далилдерди бурмалап жатканын билдирген. Анын версиясы боюнча, Акжоловду маңзатын саткандыгын мойнуна алдырууга мажбурлап, аны кыйнап коркутушкан.

«Аны кыйнап, өзгөчө ири көлөмдөгү маңзатын сатууну мойнуна алдырып коркутушкан. Азыр Акжоловдун абалы начар, көптөгөн жаракаттары бар», — деп жазган «Азаттык үнү» сайты Мамбетакуновдун айткандарын.

Мамбетакуновдун айтымында, маңзаты ал жактоого алган адамдын унаасынан дагы, анын өзүнүн жанынан дагы табылган эмес — буларды унааны жана аны текшерүүдөгү протоколдор ырастайт.