Жарандык активисттер менен сүрөтчүлөр Боом капчыгайында пайда болгон граффити сүрөттөргө каршы болуп жатышат. Алар андагы сүрөттөр «кыргыз менталитетине туура келбейт» деп билдиришти.

Саякбай Каралаев фондунун өкүлү граффити Кыргызстандын беделин бузуп жатканын билдирди. Айтымында, анткени анда Саябай манасчыга карикатура жана аял менен эркектин жыныстык органдары тартылган.

«Эгер алар Саякбайдын ушинтип шылдың кылып жатышса, анда алар Манасты, жалпы кыргыз элин шылдың кылып жатышат», — деди ал.

Сүрөтчү Талант Огобаев көркөмдүк жагынан алганда граффитини «орто» тартылган, а ал сүрөттөрдү боеп өчүрүү боюнча коомдук талкуу жүргүзүү керек, деп эсептейт.

«Мында граффитинин көрсөтүлгөндүгү бул жаштар искусствосундагы бүтүндөй бир багыт. Бул багытта өздөрүнүн жылдыздары бар. Бизде да мындай менен алектенген балдардын топтору бар. Анын кайсыл бир партиянын буйругу экени анык. Сүрөтчү катары менин көз карашымда ал орточо аткарылган», — деди ал.