Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Алтай Республикасында дайыма жашаган Кыргызстандын жаранынын «Ислам мамлекети» тарапта согушуу үчүн Сирияга кетишине тыюу салды.

Федералдык коопсуздук кызматынын Алтай Республикасы боюнча башкармалыгы аталган аймакта жашап турган кыргызстандыктын Сирияга кетишине тыюу салды: атайын кызматтагылар кыргызстандык андагы согуштук аракеттерге «Ислам мамлекети» тарапта согушууга ниеттенгенин билдиришти. Бул тууралуу «Тоолуу Алтай жаңылыктары» порталы билдирди.

«Бул үчүн ал узак убакыт бою «Ислам мамлекетинин» ишмердүүлүгү тууралуу интернетке жайгаштырылган видео жана башка материалдарды, ошондой эле Сирияга барууга мүмкүн болгон каттамдарды байкаштырып жүргөн», — деп жазган басылма.

Kloop.kgге Федералдык коопсуздук кызматынын Алтайдагы бөлүмүнөн бул маалыматты ырасташты, бирок кыргызстандыктын аты-жөнүн жана ил иштин чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен ал окуяны биле тургандыктарын айтышты. УКМКнын өкүлү билдиргендей, учурда ал жаран орусиялык атайын кызматтын компетенциясында, ошондуктан кыргыз тарап азырынча ал ишке «кийлигишпейт».

«Ал жаран тууралуу биз кечээ укук. Эгер ал Кыргызстанга келсе аны менен кандайдыр бир иштерди жүргүзүү-жүргүзбөө маселелерин карап көрөбүз», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

«Кыргызстандын элине кайрылуу»

Алтайдагы кыргызстандык тууралуу жаңылык «Ислам мамлекети» Кыргызстандын элине биринчи жолу пропагандалык видеокайрылуусу менен кайрылгандан бир нече күндөн кийин пайда болууда.

Видеодогу адам кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган. Ал андай каапыр өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да киргизген.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болгон. Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрүп салган.

Кийинчерээк Kloop.kgге Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу кайрылып, видеодогу адамды тааныганын, аны менен Токтогулда бир мектепте окуганын билдирген.

Булактын айтымында, видеодогу адамдын аты Улан жана алар акыркы жолу жолугушканда ал «кечке эле диний темалар жөнүндө сүйлөгөн».

Июлдун ортосунда Кыргызстандын атайын кызматы Бишкекте жана шаардын четинде үч атайын операция өткөрүшүп, анын жүрүшүндө «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү уячасына мүчө делинген сегиз киши жок кылынган.

Анда атайын кызматтын өкүлү Рахат Сулайманов ИМдин согушкерлери Кыргызстандын аймагында эки теракт уюштурууну пландагандыктарын билдирген: биринчисин — 17-июлда майрамдык Айт намаз маалында, экинчисин — Канттагы орусиялык авиабазада.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.