Боршайком партиялардан үгүт маалыматтарды камтыган жарнак такталарын 1-августка чейин алууну талап кылды, деп билдирди комиссия мүчөсү Нурмамат Ашимов. Эгер партиялар талаптарга баш ийбесе, анда парламенттик шайлоодон четтетилиши мүмкүн.

Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле партиялар үгүт иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын шаарларынын көчөлөрүнө жарнак такталарын илип башташты. Кеминде алты партия — «Ата Мекен», президенттик КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» — жарнамалоо иштерин белгиленген убактан эрте башташкан.

Боршайкомдун мүчөсү Нурмамат Ашимов комиссия төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун кайрылуусуна шилтеме жасоо менен Kloop.kgге партиялар шайлоонун расмий датасы белгиленгенге чейин илинген бардык үгүт такталарын 1-августка чейин алышы керектигин айтты.

Парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындоо тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы расмий түрдө 2015-жылдын 28-июлунда жарыяланган. Шайлоо мыйзамдары боюнча, шайлоо алдындагы өнөктүк шайлоо башталганга бир ай калганда, тагыраагы 4-сентябрда башталат.

«Эгер партиялар бул талаптарга баш ийбесе, анда биз чараларды көрөбүз, тактап айтканда, биз тез аранын ичинде аларды [үгүт такталарын] алуу боюнча эскертүү беребиз. Эгер алар биздин берген эскертүүлөрүбүздү бир нече жолу кулак сыртынан кетирише турган болсо, анда биз партияларга саясий партиянын атынан талапкерлерди каттоодон баш тартууга укуктуубуз», — деп билдирди Ашимов.

Анын айтымында, Боршайком партияларга шайлоо алдындагы штабдары жайгашкан имараттарга гана аталышы жана белгиси түшүрүлгөн такталарды илүүгө уруксат берген.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга ылайык,  шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкерлерди Боршайкомдо каттоо аяктаган күндөн тарта башталат.

«Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт», — деп жазылган документте.

Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүттө — бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар иштери

«Алгыла десе алабыз»

«Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаныбек Кожоев Kloop.kgге берген маегинде алардын такталарында «үгүттөө ураандарынын жоктугун» билдирди.

«Эгер БШК талап кылса биз аткарабыз — баары мыйзам чегинде болот», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, азырынча Боршайком «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясына үгүт такталарын алуу талабын айта элек.

Президенттик КСДП партиясынын басма сөз кызматынан алар үгүт маалыматтары жазылган жарнак такталарын алып баштагандыктарын билдиришти.

«БШК бул үчүн [жарнак такталарын алууга] бизге убакыт берди. Биз башка партиялардын да ушундай кылышын күтөбүз», — деп билдиришти КСДПнын басма сөз кызматынан.

«Ата Мекен» партиясынын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова Kloop.kgге курган маегинде алар БШКнын талабын аткара тургандыктарын айтты.

«Биздин үгүт такталарыбыз деле жок — биз аларды илген жокпуз. Эгер БШКнын чечимин так айтып түшүндүрсөк, анда партиялардын жарнама продуктулары беш күндүн ичинде алынышы керек — бул чечим аткарылат», — деп билдирди Урумканова.

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты. «Кыргызстан» партиясы менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.

Парламенттик шайлоо

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт — бул 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки Жогорку Кеңешке экинчи жолу шайлоо болот.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, 30-июлга карата шайлоого катышуу билдирмесин 9 партия берген — «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата-Журт», «Ар-Намыс», КСДП, «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек», «Аалам» жана «Бир Бол».

2015-жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, парламенттик шайлоо биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен өтөт.

Өкмөттүн жана президент Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен автоматташтырылган система шайлоонун «таза өтүшү» үчүн киргизилүүдө.

«Быйылкы шайлоо – бул 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдык», — деп билдирген өлкө башычы.

Ал ошондой эле алдыдагы шайлоодо парламентке «төрт же беш партия — анын ичинде оппозициялык партиялар да» өтүшү керектигин кошумчалаган.

«Бардыгына жол ачуу керек, парламенте бир нече партия, алардын ичинде оппозициялык партиялар да болсун. Балким төрт же беш партия өтөт. Парламентке кимдин өтө турганын шайлоочулар гана чечет», — деп билдирген Атамбаев.