Street Workoutтун кыргыз федерациясы 2016-жылы көчө фитнеси боюнча Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтө тургандыгын билдирди.

Федерация президенти Тамерлан Богатырев Kloop.kgге берген маегинде 2016-жылы Бишкекте Street Workout боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөрүн айтты.

Богатырев 2014-жылы Астанада өткөн дүйнөлүк чемпионатта кыргыз спортчулары кийинки эл аралык мелдештин Бишкекте өткөрүлүшүнө жетишкендиктерин билдирди.

«Анда үч өлкө бар болчу, бирок биз Кыргызстанды тандап алуулары үчүн аракет кылып, ага жетиштик, — деди Богатырев. — Ал үчүн бизде бардык шарттар бар: жакшы аба ырайы, жаратылыш — меймандарга көрсөтчү нерселер көп. Биздин деңгээл, спортчуларыбыздын деңгээли өтө жакшы. Астанада биз дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө татыктуу экенибизди көрсөттүк».

Ал Кыргызстанда көчө фитнеси боюнча мелдештин өтүү датасын так айтып бере алган жок.

Азырынча эл аралык Street Workout федерациясынын сайтында чемпионаттын Кыргызстанда өткөрүлөрү тууралуу билдирүү жок — андагы акыркы маалымат Германиянын Штутгард шаарындагы дүйнөлүк мелдешке тууралуу.

IMG_3934-1024x683

Street Workout англис тилинен «көчө машыгуулары» деп которулат, алар өз ичине турник, брусья, швед дубалдары жана жерде машыгууларды камтыйт.

Богатыревдун айтымында, спорттун бул түрүнүн пайда болгонуна 10 жылдан ашты, а Кыргызстанда ал болжол менен 2013-жылдан тарта өнүгүп баштаган. Учурда Кыргызстан баш болгон көптөгөн өлкөлөрдө Street Workout федерациялары иштешет.

Street Workout боюнча Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучусу Багаутдин Талканов кыргыз курамасы 2014-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка бир жарым жыл даярданып, 80 өлкөнүн ичинен 38-орун алкаганын айтты.

«Эгер ушул калыпта уланта турган болсок, анда биздин деңгээлибиз жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп жаткан Казакстандын, Орусиянын, Украинанын деңгээлине жетет. Биз артта калып жатабыз, бирок бизде баары алдыда», — деди Талканов.

Сүрөт: Метин Джумагулов