Талас райондук соту Өмүрбек Жанышевди августтун аягына чейин камакка алуу чечимин чыгаргандан кийин ал жүрөгүндөгү көйгөйлөрдөн улам андагы оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткарылды. Ал төө буурчак сатууда «алдамчылыктарга барган» деген шек менен 28-июлда кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы Өмүрбек Жанышев Талас райондук сотунун аны бир айга камакка алуу чечими чыгаары менен 28-июлда реанимацияга жаткарылганын билдиришти.

«Талас райондук сотунун судьясы тергөө аяктаганга чейин ал [Омар] бир ай камакта болору тууралуу чечим чыгаргандан кийин ырчы өзүн жаман сезип баштаган. «Тез жардам» чакырылып, дарыгерлердин айтканы менен ооруканага жаткырылган», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Талас облустук ооруканачынын директору Шаршенбек Жумашалиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Омар аталган оорукананын реанимация бөлүмүнө «туруксуз стенокардиянын» натыйжасындагы «жүрөк оорусу» менен жаткаралганын айтты.

«Оорулуу реанимацияга 29-июлда саат 00:40та жаткарылды. Аныкы туруксуз стенокардия, учурда Омардын абалы туруктуу, текшерип жатабыз, эртең аны кардиология бөлүмүнө которобуз деген үмүттөбүз», — деди Жумашалиев.

Оорукананын директору ырчынын «мурдагы оорулары жазылган баракчасын көрбөгөндүктөн» буга чейин анда стенокардиянын болгон-болбогону тууралуу билбестигин белгиледи.

Омар менен бирге Таластагы концертте жүргөн ырчы Арсен Kloop.kgге кесиптешинин кармалышы жана анын сотуна байкоо жүргүзүп жүрүп Таластан бүгүн гана келгенин айтты.

Арсен (оңдо) бир нече күн бою Омар менен бирге Кыргызстандын аймактарында жүргөн.
Арсен (оңдо) бир нече күн бою Омар менен бирге Кыргызстандын аймактарында жүргөн.

Арсен сот жыйыны маалында Жанышев «эки жолу эс-учун жоготуп», «жүрөгү кармаганын» билдирди. Анын айтымында, Омар кармалганга чейин эле жүрөктүн ишин колдоо аппаратын алып жүргөн.

«Ал [Омар] жүрөк аппаратын канчадан бери алып жүргөнүн билбейм. Албетте, ал аны жашырып жүргөн», — деп билдирди кармалган ырчынын кесиптеши.

Төө буурчакка байланышкан «алдамчылык»

Омар төө буурчак сатуудагы «алдамчылыктарга» айыпталып 28-июлда Таласта кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде ырчы менен анын досуна карата кылмыш иши Талас облусунун жашоочусунун арызынан кийин козголгонун билдирген.

“[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деген Осмонбаев.

Ырчынын продюсери Миргүл Эсеналиева Омардын күнөөсүн четке кагып, бул ишти аны айыптоо үчүн жердеши менен таанышы Нуржанбек Токтогулов атайын уюштургандыктарын билдирди, — деп билдирүүдө vb.kg интернет-басылмасы.

«Омар эч нерсеге күнөөлүү эмес, анын бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Ал бул иш менен чынында жаңы гана алектенип баштоону ойлонуп аткан. Таласта бул бизнестин негизги түрү жана Омар таластык жигит катары ал тууралуу ойлонуп жаткан», — деп жазган vb.kg Эсеналиеванын айткандарын.

Анын айтымында, Токтогулов «Омардын атынан» Болот деген адам менен келишим түзүп, андан 40 тоннага жакын төө бурчак алып, «пайдалуу баада сатып берерин» убадалаган. Бирок убадаланган 20 миң доллардын «болгону 5 миң долларын» гана берген.