«Ислам мамлекетинин видеокайрылуусундагы адам менен бир мектепте окуган окурман Kloop.kgнин редакциясы менен байланышты — айтымында, ал жердешин акыркы жолу эки жыл мурун Бишкекте көргөн.

Кыргызстанда террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюму «Кыргыз элине кайрылуу» жолдогондон кийин 28-июлда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жашаган Медер (ысымы булактын өтүнүчү менен өзгөртүлдү) телефон аркылуу Kloop.kgнин редакциясы менен байланышты.

Медер ИМдин пропагандалык тасмасындагы адамды билерин, аны менен Токтогулда бир мектепте окуганын айтып берди — анын аты Улан, ал болжол менен 1987-жылкы.

Окуп жүргөн кезде Медер Улан менен сүйлөшчү эмес — алар эки башка кдасста окушкан, бирок анын айтымында, Улан «ал эмес өз курдаштары менен дагы аз сүйлөшчү» жана «анча көп сүйлөбөгөн», түнт бала болчу.

«Менде ал бала кезинен эле исламисттер менен байланышта болгон деген божомолум бар. Египетте, медреседе окуган, бала кезинен араб тилин билет», — деди булак.

obr4-001

Медер Kloop.kgге Уландын үй-бүлөсү менен жакшы тааныш экенин билдирди — айтымында, алардын эч кимисинин эч кандай радикалдуу диний топторго «тиешеси жок».

Акыркы жолу Медер Уланды 2013-жылы, Бишкекте такси айдап иштеп жүргөн кезинде көргөн — анда ал Уланды жүргүнчү катары унаасы менен айткан жерине жеткирген.

«Анда биз эмнегедир тил табыша алган жокпуз, ал кечке эле диний темалар жөнүндө айтып: «Музыканы өчүр, бизди ушул музыка адаштырып жатат, Аллах үчүн жашаш керек», деген», — деп айтып берди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Медердин айтымында, акыркы жолу жолукканда Улан чет өлкөлөргө чыгуу пландары тууралуу эч нерсе айткан эмес. Булак Улан тууралуу бардык маалыматтарды атайын кызматтардагы тааныштары аркылуу укук коргоо органдарына бергендигин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дагы видеодо сүйлөгөн адам Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан чыккандыгын билдирген. Бул тууралуу 28-июль күнү кечинде КТРК телеканалында айтылды. Азырынча атайын кызматтагылар андан башка кененирээк маалымат берише элек.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө видеодо сүйлөгөн «Ислам мамлекетинин» мүчөсүн ырастоодон баш тартты. Мекеме өкүлүнүн айтымында, маалыматтардын бардыгы тең кийинчерээк жеткиликтүү болот.

«Азаттык» радиосу ал Орусияга кеткенден бери туугандары жана достору менен катташпай калганын кошумчалады. Бирок анын чет өлкөгө качан чыгып кеткени так белгисиз.

«Кыргызстан элине кайрылуу»

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болгон. Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрдү, бирок Kloop.kgнин кабарчылары аны көрүп, андагы бир нече кадрды сактап калууга үлгүрүшкөн.

Ал видео белгисиз адамдын кыргыз тилиндеги кайрылуусунан турган. Ал кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

obr1

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.