Милиция шоу-бизнесте Омар деген ысым менен белгилүү ырчы Өмүрбек Жанышевге каршы кылмыш ишин козгоду. Ал төө буурчак сатууда «алдамчылык кылган» деп шектелүүдө. Сот ырчыны бир айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Өмүрбек Жанышевдин августтун аягына чейин тергөө абагына камалгандыгы тууралуу билдирди. Ал 27-июлда Талас милициясы тарабынан кармалган.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кылмыш иши аларга Талас облусунун жашоочусу кайрылгандан кийин Кылмыш кодексинин «алдамчылык» беренесинни негизинде козголгонун билдирди.

“[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деди Осмонбаев.

Видео: Омар өкмөт тарабынан уюштурулган бүтүрүү кечесинде ырдоодо:

Жергиликтүү ЖМКлар Омар менен таанышы ири өлчөмдөгү төө буурчак сатуу менен алектенишкенин аныкташты.

Басма сөз кызматтын өкүлүнүн айтымында, ырчынын таанышы 21-августка чейин камакта болот.

Ырчы учурда Талас райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта. Тергөө иштерин да жергиликтүү милиция жүргүзүүдө.

Омардын мурдагы продюсери Канат Култаев Kloop.kgге ырчынын кармалгандыгы тууралуу эч нерсе билбестигин айтты.

Ырчынын продюсери Миргүл Эсеналиева Омардын күнөөсүн четке кагып, бул ишти аны айыптоо үчүн жердеши менен таанышы Нуржанбек Токтогулов атайын уюштургандыктарын билдирди, — деп билдирүүдө vb.kg интернет-басылмасы.

«Омар эч нерсеге күнөөлүү эмес, анын бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Ал бул иш менен чынында жаңы гана алектенип баштоону ойлонуп аткан. Таласта бул бизнестин негизги түрү жана Омар таластык жигит катары ал тууралуу ойлонуп жаткан», — деп жазган vb.kg Эсеналиеванын айткандарын.

Анын айтымында, Токтогулов «Омардын атынан» Болот деген адам менен келишим түзүп, андан 40 тоннага жакын төө бурчак алып, «пайдалуу баада сатып берерин» убадалаган. Бирок убадаланган 20 миң доллардын «болгону 5 миң долларын» гана берген.

Сүрөт Омардын «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды.