Өткөн жылдарга салыштырмалуу Кыргызстандагы, өзгөчө Чүй облусундагы дарыяларда суунун деңгээли кыйла жогорулады, деп билдирүүдө ӨКМ.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ысык аба ырайы жана мөңгүлөрдүн ээришинен улам дарыялардагы суунун деңгээли дээрлик кооптуу деңгээлге жеткенин билдирди.

ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында Ала-Арча дарыясынын агымынын ылдамдыгы секундасына 33,7 метрди түзүп жатканын, а кооптуу абал болуп агымдын ылдамдыгы секундасына 35 метрге жетиши эсептелерин билдирди.

Бороновдун айтымында, Аламүдүн дарыясынын агымынын ылдамдыгы секундасына 31,2 метрди (кооптуу абал деп секундасына 45 метрге жеткенде эсептелет), а Сокулук суусунуку секундасына 25,6 метрге (секундасына 35 метрге жеткенде кооптуу абал деп) жеткен.

«Быйыл Нарын дарыясында 2014-жылга караганда суу эки эсе көп, — деди министр. — Июлдун аягына чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайык сакталат, а августта абанын температурасы +37 градуска чейин жетет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дарыялардагы суунун деңгээлин байкап туруулары керек. Калктуу конуштарды каптоо коркунучу сакталат».

ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын айтымында, дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн Кыргызстандын бардык аймактарында байкоого болот, бирок азырынча селден бир дагы үй жабыркай элек.

«Азырынча селдин болуу коркунучу гана бар. Мисалы, Чүй облусунун Юрьевка айылында суунун деңгээлинин жогорулоо коркунучу бар, ал андагы  автоунаа көпүрөсүн бузуп кетиши мүмкүн»,— деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Басма сөз катчы билдиргендей, ӨКМ суу ташкыны коркунучунун алдын-алуу үчүн атайын чараларды көрүүдө — алсак, Юрьевкадагы көпүрө кум салынган каптар менен бекемделип, күнү-түнү көзөмөлдө турат.

Шарипова өзгөчө Чүй облусунда кырдаал оор экенин кошумчалады.

«Өткөн аптада ӨКМ Ала-Арча дарыясына 12 даана техника жөнөттү», — деди ал.

Видео: Владимир Цай
Текст: Адина Осмонова