24-июль күнү белгисиз үч адам Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушундагы жеке үйдү каракташкан. Үйдүн ээсинин айтымында, алар «70 миң сомго жакын» суммадагы мүлктү алып чыгып кетишкен. Алардын аракеттеринин бардыгы тең видеокөзөмөл камерасына тартылып алынган.

Видео жабырлануучу Эрмек Кадыркулов тарабынан YouTube сервисине 25-июлда жарыяланган. Кылмыш 24-июлда Көк-Жар конушунда болгон.

Видеодо белгисиз үч адамдын Кадыркуловдун үйүнө жакындап келип, тосмодон ашып, пластик терезени ачып үйдүн ичине киргендиктери көрүнүп турат.

Бир нече мүнөттөн кийин алар үйдөн чыгып, бир аздан соң беттерин колдору менен жаап кайра келишкен. Жабырлануучунун айтымында, болжолдуу кылмышкерлер үйгө кайра кирип, баалуу буюмдарды алып кетишкен.

«Келтирилген зыяндын суммасы 70 миң сомго жакын болду. [Көпчүлүгү] техникалар болгон, болжол менен 7 же 8 миң сом бар болчу. Негизинен алар кийимдерди, фотоаппарат, iPod, алтын жасалганларды уурдап кетишкен», — деди Кадыркулов Kloop.kgге курган маегинде.

Жабырлануучунун айтымында, ал карактоо тууралуу дароо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлаган. Милиция кызматкерлери «болжол менен бир-бир жарым сааттан кийин» барып, манжа издерин түшүрүп, арызын алып, Кадыркуловдон видеокөчүрмөнү алып кетүүнү убадалашкан.

«Биринчи келгени Уран деген кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери, ал кылмышкерди изин суутпастан барып кармап, видеону алгысы келсе керек. […] Ал мени жекшемби күнү жолугууга чакырган, бирок келген жок. Мен ага бир күн бою чалдым, бирок Уран жооп бербей койду», — деди жабырлануучу.

Ал материалды берүү үчүн Аламүдүн РИИБсинин кызматкерлери менен байланыша албай койгондон кийин видеону интернетке жайгаштырганын белгиледи.

«Мен видеону Аламүдүн РИИБсине берейин дегем, бирок байланыша алган жокмун: же алардын телефону өчүк, же жооп беришпейт», — деп билдирди Кадыркулов.

Kloop.kgнин кабарчысы РИИБнин жабырлануучу айткан кызматкери менен байланышууга аракет кылды, бирок ал жеткиликсиз болуп чыкты. Нөөмөт бөлүмүнөн кызматкери тууралуу маалымат бере албай тургандыктарын билдиришти.

«Ал [Кадыркулов] бекер мындай түшүндүрмөлөрдү берип жатат. Биз жабырлануучунун абалын түшүнүп жатабыз, кандай болгон күндө да бул ишти ушул боюнча калтырышпайт», — деди Kloop.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.