27-июль күнү эртең менен Бишкектин Тоголок Молдо жана Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинен үч автоунаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын болжолдуу күнөөкөрү, «Субару» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу «бардык чыгымдарды төлөп берээрин» убадалаган. ЖКК кызматкерлери андай учурларда кырсыктын катышуучулары маселени өз ара жеринде чечишип алышса болорун айтышты.

Эртең мененки саат 9дарда Бишкектин түндүк бөлүгүндө үч унаа сүзүшкөн — «Форд Мондео», Мицубиси жана «Субару Легаси». Акыркы унаанын айдоочусу «бактын бутактарынан улам» жол чырактын кызыл күйгөнүн байкабай калып кырсыктын келип чыгышына күнөөлүү болгон.

«Аны сүздүм [Мицубисини]. Мен анын артынан бара жаткам, бир нече жолу аңгектерге туш болдум. Өтүп кетем деп ойлогом. Мен аны сүзгөндө жол чырак жаңы гана сары күйүп баштаган», — деди Субарунун ээси Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

«Форд Мондеонун» айдоочусунун айтымында, автоунаасын оңдоого 10 миң сомго жакын каражат керектелет, бирок кырсыктын күнөөкөрүнүн жанында болгону 1700 гана сом бар экен. Жабырлануучу ошол сумманы гана алууга макул болгон.

«Мындай боло берет, мейли,  баарын [унааны оңдоого кетчү каражатты] өзүмө алам. Мага унаамды сырдоого гана бир аз акча берсин», — деди ал.

Субарунун айдоочусу Мицубисинин ээсине «баарын төлөп берээрин» убадалаган. Кырсыктын катышуучулары Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун чакырбай эле, карама-каршылыксыз тарап кетишкен.

«Нормалдуу көрүнүш»

ЖККдан маселени жеринде чечишип алуу — бул «нормалдуу көрүнүш» экенин айтышты. Бирок эгер жол кырсыгынын күнөөкөрү келтирилген зыяндын суммасын төлөп берүүдөн баш тартса, анда жабырлануучу Жол кайгуул кызматына кайралат.

«Жол кырсыгынын катышуучулары [компенсация төлөө] маселени оошл жерде эле өз ара чече алышат. ЖКК кызматкерлерин чакыруу — бул айдоочулардын каалоосуна жараша болот. […] Эгер күнөөлүү тарап убадаланган сумманы төлөп берүүдөн баш тартса, анда жабырлануучу бизге кайрылууга укуктуу», — деп билдирди Бишкек шаардык ЖККнын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева.

Видео: Владимир Цай
Текст: Алтынай Джалмамбетова