70 жаштагы Николай Прокудин Бишкектин түштүк бөлүгүндө жашайт жана кечкисин иттери менен сейил бакта отурганды жакшы көрөт. Ал ары-бери өткөндөргө түрдүү акробаттык ыкмаларды көрсөтүүсү үчүн иттерин өз алдынча үйрөткөн.

IMG_9902

Күн сайын кечки саат жетиде Николай Анатольевич үч ити менен Бишкектин түштүгүндөгү Жеңиш сейил багын көздөй жөнөйт. Кичинекей иттерин чүпүрөктөн тигилген баштыкка салып алат, а алар болсо баштарын чыгарып, эки жакты карап алышат.

IMG_9828

Надя, Гаврош жана Дези — үйрөтүлгөн иттеринин аты ушундай — күн сайын сейил багында жүргөн адамдарга түрдүү акробаттык ыкмаларды көрсөтүшөт. Николай Анатольевич аларга «Жерпаана!», деп буйрук берет, а иттери болсо металл түтүккө жашырынышып, ал аркылуу өтүп кайра ээсине кайтып келишет.

IMG_9985

IMG_9893

Прокудин Kloop.kgге иттерди өз алдынча үйрөтүү менен 10 жыл мурун алектенип баштагандыгын айтты — анын алгачкы ити өзү түрдүү нерселерди көрсөтүп, ээсин аны үйрөтүүгө түрткөн. Кийин ал картайып, үч күчүк тууган — Надя, Гавроша жана Дези.

IMG_9969

IMG_9886

«Биринчи итим абдан таланттуу болчу, фокустарды өзү ойлоп тапчу. Ал картайды, бирок күчүктөрүн калтырып кетти. Анан анын күчүктөрүн ал өзү кыла алган нерселерге үйрөтүп баштадым», — деди Николай Анатольевич.

IMG_0220

Айтымында, ал иттерди алардын жардамы менен акча иштеп табуу үчүн үйрөтүп баштаган эмес. Прокудин ары-бери өткөндөр ага өзүлөрү акча берип баштагандыктарын айтат. Алгач ал акча алуудан баш тартып келген, бирок коңшусу ал акчаларды алып, аны иттерди багууга жумшоого көндүргөн.

IMG_0241

«Биз көчөлөрдө алектенип баштадык, адамдар балдары менен келип чогулуп калып башташты, аларга иттердин өнөр көрсөтүүлөрүн көрүү жагып калды», — деди иттердин улгайган ээси.

IMG_0164

IMG_0029-001

Николай Анатольевич — ай сайын 6 миң сомго жакын пенсия алган жалгыз бой пенсионер. Дээрлик күн сайын кечинде жаш көрүүчүлөрдүн курчоосунда болгонуна карабастан анын өз балдары Орусияга көчүп кетишкен, Бишкекке сейрек катташат.

IMG_0156

«Эң башкысы — бул качан сен кимдир бирөөгө керек экениңди билип, бул дүйнөдөгү жашооң жеңил болгону. Мисалы, мен балдарга керекмин, алар мени сейил багында күтүшөт, мен аларга иттеримди көрсөтөм. [...] Иттер мени жакшы көрүшөт, а мен аларды, качан сени кимдир бирөө жакшы көрсө, анда бул жащоо жеңилирээк болот», — дейт Прокудин.

IMG_0190

Качан Надя, Гавроша жана Дези өз өнөрлөрүн көрсөтүп бүткөндөн кийин Николай Анатольевич аларга «Троллейбус!» деп буйрук берет. Иттер болсо дароо чүпүрөктөн тигилген баштыкка кирип, баштарын чыгарып алып эки жакты карап отуруп калышат. Андан соң алар ээси менен бирге үйүн көздөй жай жөнөшөт.

IMG_9914