Орусиялык «РусГидро» мамлекеттик корпорациясы кыргыз өкмөтүнүн сынынан кийин Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушуна 1 млрд. рубль бөлдү. Корпорация башчысы Евгений Дод алгачкы эки станцияны 2016-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү убадалады.

Президент Алмазбек Атамбаев менен «РусГидронун» башкы директору Евгений Доддун жолугушуусу 27-июлда, кыргыз вице-премьер-министри Валерий Диль орусиялык мамкорпорация Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу боюнча милдеттермелерин аткарбай жаткандыгын сынга алгандан төрт күн өткөн соң болду.

«Мен үчүн учурдагы абал тууралуу жеке өзүңүзгө билдирүү өтө маанилүү. Биз тараптан буга чейин бөлүнгөн суммага кошумча дагы 1 млрд. рубль бөлүү чечими кабыл алынды. Ошондуктан биз курулуштун толугу менен күч алуусун күтүп жатабыз», — деп билдирди Дод Атамбаев менен жолугушуусунда.

Ошондой эле ал алгачкы эки гидроэлектрстанциянын — Нарын ГЭС 1 жана 2нин курулушу 2016-жылдын аягына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады.

«Сиз [Атамбаев] менен Владимир Владимировичке [Путин] билдирилген мөөнөттөр алгачкы эки станция боюнча аткарылат. Биз алгач белгиленген мөөнөттөбүз жана ушул калыпта аны аягына чыгарабыз деген үмүттөмүн», — деп убадалады «РусГидронун» жетекчиси Атамбаевге.

Дод менен жолуккандан кийин Кыргызстандын президенти орусиялык мамлекеттик компания экономикасындагы кыйынчылыктарга карабастан «бардык милдеттенмелерди аткарарын» билдирди.

«Биз дагы милдеттенмелерди алганбыз. Өкмөт 550 гектер жерди бөлүп бериши керек болчу. Бирок анда акча иштеп тапкысы келген 700 менчик ээси бар. […] Орусиялыктар эсептеринде акча бар экенин билдирип, бир миллиард рубль бөлөбүз деп айтышты», — деп жазды 24.kg агенттиги Атамбаевдин айткандарын.

Президенттин айтымында, курулуш иштеринин учурда токтотулушу «долбоорлоого жана тендерлерди өткөрүүгө» байланыштуу. Ошондой эле ал көйгөйлөр менен талаш-тартыштарды башка кыргыз-орус энергетикалык долбоору  — «Камбарата-1» ГЭСи жаратып жатканын билдирди. Атамбаевдин айтымында, талаш-тартышты плотинанын бийиктиги жаратууда.

«Курулушту создуктурууда»

Буга чейин, 23-июлда, Энергетика министрлигинин коллегиялык жыйынында Кыргызстандын вице-премьери Валерий Диль «РусГидро» Нарын дарыясынын жогору каскадындагы ГЭСтердин курулушун создуктуруп, «каржылооун дээрлик токтотконун» билдирген.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер төрт кичи станциядан турат. Каскадды куруу боюнча келишимге 2012-жылдын сентябрында кол коюлган, а объектилерди тургузуу иштери 2013-жылы башталган. Длбоорду каржылоо менен «РусГидро» алектенүүдө.

Дилдин айтымында, «РусГидро» каскаддагы алгачкы эки ГЭСтин курулушуна 2014-жылы 960 млн. сом жумшаган, а 2015-жылы «эч кандай» каражат сала элек. Диль жыйынтыгында компания жалданма ишканаларга 200 млн. сом карыз болуп калганын кошумчалаган.

Каскаддагы ГЭСтердин курулушу тууралуу келишимге Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2012-жылдын сентябрында кол коюлган.

Алгачкы баалоого ылайык, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерге «РусГидро» 400 млн. АКШ долларын жумшашы керек болгон, бирок эки жылдан кийин ал сумма 727 млн. долларга чейин көбөйтүлгөн. Бардык төрт станциянын курулушу 2019-жылы аякташы керек.

Документтер боюнча, «РусГидро» менен Кыргызстандын «Электр станциялары» удуттук компаниясы долбоордо бирдей үлүштөргө ээ болушат. Бирок Кыргызстандын акцияларынын 25 пайызы долбоор өзүн актаганга чейин орусиялык энергетикалык алпка берилет.