Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Ислам мамлекетинин» «Кыргызстандын элине кайрылуусу» тууралуу Kloop.kgге маек курду. Видео 25-июлда жарыяланып, интернеттин кыргыз сегментинин колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан.

Медетбековдун маегин сайттын башкы бетиндеги «Клооп Радионун» эфиринен жана Tune-In мобилдик тиркемесинен уксаңыздар болот.

Артур Медетбеков «Альфа» ардагерлеринин тобу» коомдук бирикмесинин башчысы болуп эсептелет. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары жана Антитеррористтик борбордун директору болуп иштеген.

Контекст:

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болгон. Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрдү, бирок Kloop.kgнин кабарчылары аны көрүп, андагы бир нече кадрды сактап калууга үлгүрүшкөн.

Ал видео белгисиз адамдын кыргыз тилиндеги кайрылуусунан турган. Ал кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.