«Штаттан сырткаркы кызматкерлердин» катышуусундагы ЖККнын инспекторлору тарабынан пара талап кылууга байланышкан жакынкы чатак коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Kloop.kgнин редакциясы андай ыктыярчылардын болушунун канчалып деңгээлде мыйзамдуу экенин түшүнүүгө аракет кылды.

Кимдерди «штаттан сырткаркы кызматкерлер» деп аташат?

Штаттан сырткаркы кызматкер — бул укук коргоо органдарына тартипти сактоого жардам берүүнү каалаган өлкөнүн мыйзамга баш ийген каалаган жараны. Штаттан сырткары кызматкер болуу укугун «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдын төртүнчү беренеси берет.

«Кыргыз Республикасынын жарандары өз ыктыярлары менен ички иштер органдарынын штаттан сырткаркы кызматкери катары иштей алышат. Штаттан сырткаркы кызматкерлердин милдеттери менен укуктары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими менен аныкталат», — деп жазылган беренеде.

Видео: ЖКК жарандык активисттен пара талап кылууда

Ким жана кантип штанттан сырткаркы кызматкер боло алат?

Буга чейин соттолбогон, ишке жарамдуу жана жашаган жеринде милдеттүү каттоого ээ каалаган жаран «штаттан сырткаркы кызматкер» боло алат.

Ал үчүн ал кызмат кылгысы келген мекеменин кадрлар бөлүмүнө кайрылуусу керек болот: Ички иштер министрлиги, милициянын аймактык бөлүмү, Чек ара кызматы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча орган.

Эгер талапкерлиги жактырылса ага штаттан сырткаркы кызматкердин атайын күбөлүгүн берилип, ал жардам бериши керек болгон мекеменин штаттагы кызматкерине бекитилип берилет.

Штаттан сырткаркы кызматкерди штаттагыдан же башка жарандан кантип айырмалоого болот?

Мыйзамда эч кандай униформа же башкалардан айырмаланып туруучу белгилер каралган эмес. Аларды ажырата билүүнүн жалгыз жолу — бул алардын штаттан сырткаркы кызматкер күбөлүгү.

Штаттан сырткаркы кызматкердин укуктары жана ыйгарым укуктары

Адам укуктары боюнча эксперт Асель Сыдыгалиеванын айтымында, штаттан сырткаркы кызматкерлер күч органдарындагы «коомдук жардамчылар» болгондуктан алардын ишмердүүлүктөрү эч кандай укуктук документтер менен регламентация кылынбайт.

«Алар күбө катары кызмат кыла алышат. Алар бекитилип берилген кызматкердин кээ бир тапшырмаларын аткара алышат, бирок ал тапшырмалар иш кагаздарын жүргүзүү же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өзүлөрү гана аткарышы керек болгон башка аракеттерге тиешелүү болбойт», — деди ал.

Ал штаттан сырткаркы кызматкерлерди киргизүү демилгеси коомчулук менен укук коргоо органдарын жакындатуу үчүн сунушталганын кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан штаттан сырткаркы кызматкерлердин болушу жана алардын ыйгарым укуктарынын укуктук негиздери тууралуу берилген суроого жооп бере алышкан жок.

Тема боюнча: УКМК активисттен пара талап кылган ЖККнын «штаттан сырткаркы кызматкерин» кармады

Автор: Марлен Келдикеев