Кыргызстандыктар «антитеррористтик операция» маалында жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча өнөктүктү башташты. «Ислам мамлекетинин» «согушкерлерине» каршы атайын операция 16-июлда өткөрүлүп, анын жүрүшүндө беш жеке турак үй күйүп кеткен.

Жабыркаган жарандарга каражат топтоо өнөктүгү 16-июлда Бишкекте жана шаар четинде «Ислам мамлекетинин» «согушкерлерине» каршы өткөрүлгөн операциядан кийин башталган.

Шаардын борбордук бөлүгүндөгү атайын операция маалында төрт «согушкер» жок кылынып, ыкчам топтун төрт аскери жарадар болушкан, ошондой эле беш жеке турак үй өрттөнүп кеткен.

«Үй-бүлөм үй-жайсыз, жылаңач калды, эч нерсе жок: кийим-кече дагы, идиш-аяк дагы — бардыгы күйүп кетти, — деди өрттөнгөн үйлөрдүн биринин ээси Валентина Федюнина Kloop.kgге. — Азыр эң башкысы — балдарга кийим. Эгер мэрия акча бөлүп берсе аларды сатып алабыз».

Татьяна — Бишкек шаарынын жашоочусу — азыркы тапта үйлөрү өрттөнгөндөргө баарынан да эмне зарыл экенин аныктоо үчүн окуя болгон жерде барган. Ал жабырлануучуларга өз алдынча жардам көрсөтүүнү уюштурууну каалаган шаардыктардын тобунун өкүлү.

I12A9131
Бишкектин тургуну Татьяна жабырлануучулардан аларга кандай жардамдардын зарыл экенин билүүдө.

«Дизель» форумунда кайрымдуулук менен алектенип жаткан адамдар жардам берүү зарылдыгына жооп беришти — акча чогулуу үчүн ылайыктуу жер таап, эсептерди ачып берүүгө макул болушту. Кимдир бирөө кийим, мискей алып келип, эски муздаткычы менен бөлүшүүгө даяр — азырынча [жабырлануучуларда] аларды кое турган жер жок, бирок анын бардыгы кийин, жаңы үйлөр курулгандан кийин керек болот», — деди ал Kloop.kgге.

Жабырлануучуларга керектүү нерселердин тизмесин көрүү үчүн бул жерди басыңыздар

Жардам берүүнү каалаган дагы бир жаран — Тимур — жабырлануучуларга тамак-аш алып келген. Күйүп кеткен үйлөрдүн жашоочуларынын өзүлөрүнүн айтымдарында, алар үчүн тамак-ашты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурган, бирок ал жардам үзгүлтүсүз эмес болуп чыккан.

«Мен «Фейсбукта» жардам берүү идеясы менен тема ачкам. Бир нече киши кийим-кече алып келишти, а биздин ишкана тамак-аш уюштурду. Биз мындай чоң эмес жардамыбыз менен адамдардын духун көтөргүбүз келүүдө», — деди ал.

Жабырлануучулардын айтымдарында, аларга материалдык жардамдан сырткары операция өткөрүлгөндөн бери көрсөтүлө элек психологиялык  жардам дагы керек.

I12A9128

«Атышуунун жүрүшүндө биздин ит өлгөн, мен үчүн ал жөн гана жаныбар эмес, а үй-бүлө мүчөсү болчу, — деди башкалардыкындай эле үй-жайсыз калган Эльвира. — Азыр мага психологдун жардамы абдан керек болууда, азырынча өзүмдү жумуш менен алаксытып жатам».

Өкмөт келтирилген чыгымдарды эсептөөдө

20-июлда өкмөт мүчөлөрү УКМКнын атайын операциясы маалында жарандарга келтирилген зыяндардын ордун толуктоо маселеси боюнча комиссиянын жыйынын өткөргөн.

«Бүгүнкү күнгө карата тергөө иш-чаралары аяктап калды. Алдыдагы эки күн ичинде ар бир мекеме өзүнө керектүү жумуш участокторун аныктоолору керек. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнчү акчанын конкреттүү суммасы көрсөтүлүшү керек», — деди вице-премьер Абдрахман Маматалиев.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, жалпысынан беш үй-бүлө жабыркаган, шаар бийлиги алардын экөөсүнө социалдык жатаканадан убактылуу турак жай бөлүп берген.

I12A9141

«Алардын жашашы үчүн кетчү чыгымдардын бардыгын мэрия өз мойнуна алды. Үйлөрү жарым-жартылай жабыркаган эки үй-бүлөгө электр зымдары тартылып, газ, суу түтүктөрү калыбына келтирилүүдө», — деди Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов.

Видео: жабыркаган жарандар келтирилген зыяндар тууралуу айтып беришүүдө:

Шаар башчысы жарандарга медициналык жана психологиялык жардамдар да көрсөтүлөрүн убадалады. Материалдык жардам катары жергиликтүү бийлик ар бир үй-бүлөгөн 80 миң сомдон бөлүп берет.

Биринчи май районунун акими Аскербек Алиев Kloop.kgге курган маегинде учурда бийлик жабыркагандардын үйлөрүн кантип калыбына келтирүү маселесин талкуулап жаткандыктарын билдирди. Айтымында, өкмөт «жарандарды үй-жайсыз калтырбайт».

«Бүгүн бардык жабыркаган үй-бүлөлөр менен мэрияда бир сааттык кеңешме өткөрдүк. Кимге кандай жардам керек экенин аныктадык. 30 миң сомдук акчалай жардам бердик», — деди Алиев.

Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев атайын операция маалында келтирилген чыгымдар үчүн компенсация катары жабыркагандарга 1 млн. сомдон бөлүп берди. Ал каражат президенттин социалдык коргоо фондунан бөлүндү.

Өрттөн улам үй-жайсыз калган үй-бүлөлөргө зарыл нерселердин тизмеси:

  • балдар кийими (11, 7, 5 жана 2 жаштагы балдар жана 7, 2 жаштагы кыздар үчүн);
  • аялдар кийими ( 44-46, 46, 46-48 размериндеги) жана бут кийим 37-38 размер;
  • 48-размердерги эркектер кийими жана 41-42-размердеги бут кийимдер.
  • балдарга оюнчуктар;
  • азык-түлүк;
  • акча;
  • самын;
  • айна;
  • суусамын, анын ичинде балдар үчүн;
  • тарак;
  • тазик;
  • сүлгү;
  • күрүч;
  • ун;
  • май;
  • чай;
  • бузулбай турган тамак-аш.
  • жашылча;
  • жемиш;
  • кеңсе товарлары;
  • кафель коюучунун шаймандары;
  • ширетүүчү аппарат жана электриктин шаймандары.

Ыктыярчылардын бири жабыркаган үй-бүлөгө өз батирин бөлүп берди, бирок ал толугу менен бош. Ал жакка төмөндөгү нерселер керек:

  • үч керебет же үч үйлөтүлгөн матрац жана шейшеп;
  • муздаткыч;
  • кир жуугуч машина;
  • кийим коюуга шкаф;
  • электр чайнеги.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номурлар:

+996 552-520-199 — Татьяна
+996 555-827-402 — Тимур

Контрибьютор: Айгерим Кубатбекова