Түнкү клубга окшоштурулуп жасалгаланган №172 каттамдагы маршрттук такси Бишкектеги коомдук транспорттордун арасынан айырмаланып турат. Анын айдоочусу Kloop.kgге эмне үчүн эч артыкчылыгы жок кадимки кичи автобусту дөңгөлөктүү кичи клубга айланткандыгы тууралуу айтып берди.

Миррахим Мираидов маршруттук таксинин айдоочусу болуп бир жылга жетпеген убакыттан бери иштейт. Ага чейин ал жашоосуна кафелерде майрамдарды уюштуруу менен акча иштеп таап келген.

IMG_9542_1

Маршруттук таксисин стилдүү кылып жасалгалоо идеясы анда дароо эмес, а убакыттын аздыгынан улам түнкү клубга бара албай жатканын айтып даттанышкан жүргүнчүлөрдүн ортосундагы маекти кокустан угуп калгандан кийин пайда болгон.

IMG_9444_1

«Жүргүнчүлөр отуруп бири-бири менен мындай деп сүйлөшүп калышты: «Бүгүн клубка барып келсем жакшы болот эле, бирок убакыт жок — иштер, жумуш, үй». Анан менде дароо эле маршрутканы клубка окшоштуруп жасалгалоо идеясы пайда болду», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

IMG_9503_1

Анын транспорту салонунун жасалгасынын өзгөчөлөнүп тургандыгы жана тазалыгы менен айырмаланат. Айдоочунун өзү жүргүнчүлөргө карата өзүн дайыма сылык алып жүрүүгө аракет кылат —ал тыкан кийинип, кардарлар менен учурашат жана майыптар менен кары адамдардан акча албайт.

IMG_9373_1

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн баары эле маршруттук таксиге отургандыктарын дароо түшүнө беришпейт, кээ бирлери анын жасалгасынан апкаарып, кайрадан чыгып кетишет.

IMG_9767_1

Мираидов күндүз «жай» ырларды, а кечкисин «клубдук» музыкаларды коюп, гирляндаларды жандырарын айтты.

IMG_9406_1

Айдоочу анын маршруттук таксисинин мындай өзгөчө стилинин башкы себеби — адамдарга кубаныч тартуулоо, аларда жөнөкөй гана коомдук транспортто жүрүүдөн жагымдуу таасирлердин калышын каалоосу экенин кошумчалады.

IMG_9509_1

«Унаа тыгындары, жолдордун абалы, кыйын жана нерв короткон жумуш экенине карабастан жүргүнчүлөргө дайыма кичинекей болсо да кубаныч тартуулоого аракет кылам, ал эмес алар болгону бир гана аялдама жүрүшсө дагы кандайдыр бир таасир калтырууга аракеттенем. Жүргүнчүнүн он сом төлөгөнү же бекер жүргөнүнө карабастан алардын ар бири тең мен үчүн кымбат», — деди ал.

IMG_9521_1

Авторлор: Жибек Кубаныч кызы жана Метин Джумагулов