«Эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерине» каршы Бишкектин борборунда өткөрүлгөн операция маалында беш жеке турак-үй күйүп кеткен. Учурда ал аймак тергөө иш-чараларын жүргүзүп жаткан атайын кызматтагылар тарабынан курчалган.

Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдө өрт 16-июль күнү кечинде, «согушкерлер» жайгашкан имаратка чабуул жасоо маалында башталган.

Өрттүн кайсыл тараптын аракеттеринен улам башталгандыгы так белгисиз.

Атайын даярдыктагы бөлүк чабуул жасаган делген үй. Терезелеринин жанында ок тийген болжолдуу тешиктер көрүнүп турат.
Атайын даярдыктагы бөлүк чабуул жасаган делген үй. Терезелеринин жанында ок тийген болжолдуу тешиктер көрүнүп турат.

Жалпысынан өрттөн беш үй зыянга учураган, алардын арасында ыкчам топ чабуул жасаган үй дагы бар.

I12A8309

Операциянын жүрүшүндө өрттөнүп кеткен үйдүн жашоочусу Раиса Василенко Kloop.kgге берген маегинде үй-бүлөсүн «согушкерлер» менен атышуу жаңы гана башталганда коопсуз жайга чыгарып кеткендиктерин айтты.

«Бизди жаңы гана чыгарып жатканда өрт башталды. Бизди бул жакка өтө көп убакыт өткөрүшкөн жок, болжол менен үч сааттай атышуу жүрүп, өрт болду», — деди ал.

I12A8310

Василенконун айтымында, жергиликтүү бийлик аларга атайын операция маалында келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү убадалашкан.

«Качан баары бүткөндөн кийин келсек, үй күйүп кетиптир. Эртең менен мэр келип жардам бере тургандыктарын айтты, аны көрөбүз да. Үйсүз калдык, досторубуздукунда жашап турабыз», — деди ал.

I12A8312

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова өрттүн жайылышы 16-июль күнү кечки саат 10до токтотулуп, түнкү саат 1ге карата ал толугу менен өчүрүлүп бүткөндүгүн билдирди.

«Темиров жана Шоруков көчөлөрүндө жайгашкан төрт үйдүн чатыры, ошондой эле Темиров көчөсүндөгү үйдүн чарбалык курулушу күйүп кеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрттүн жалпы аянты — 2000 кв. метр. Окуя болгон жерде беш өрт өчүрүү унаасы иштеди», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» өздүк баракчасына.

I12A8355

Учурда окуя болгон жердин айланасы милиция жана атайын кызматтагылар тарабынан курчалган. Курчоодо турган милиционерлердин биринин айтымында, үйдө «жардыруучу зат коюлган, азыр ал жакта сапёрлор иштеп жатышат».

«Согушкерлер» менен атышуу

«Эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерине» каршы атайын операция 16-июль күнү кечинде Бишкекте жана Чүй облусунун Лебединовка айылында болгон.

Операциялардын жүрүшүндө алты «согушкер» жок кылынган — төртөөсү Бишкекте, экөөсү Лебединовкада — жана төрт атайын даярдыктагы аскер кызматкери жаракат алышкан.

I12A8315

Тема боюнча: УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү Бишкекте «антитеррористтик» операция өткөрдү

Азырынча «согушкерлердин» кайсыл «эл аралык террористтик уюмга» тиешелүү болгондуктары жана алардын Кыргызстанда кандай аракеттерди жасоону пландагандыктары түшүнүксүз бойдон калууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде атайын операциянын чоо-жайы тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин гана белгилүү болорун айтты.

«Учурда [«согушкерлердин» кайсыл уюмга тиешеси бар экендиги] такталууда, биз тактагандан кийин кийинчерээк билдиребиз. Качан тергөө иш-чаралары аяктаганда биз сөзсүз түрдө дагы кошумча маалымат беребиз, анын аякташын өзүбүз да күтүп жатабыз», — деп билдирди ал.

I12A8314

Сулайманов «согушкерлер» тобу Бишкекте терракт пландагандыктарын кошумчалады, бирок аны качан жана кайсыл жерде ишке ашыруу пландалгандыгын тактап айткан жок.

Операциянын өзү бүгүн, 17-июлда эртең менен эч кандай жаңжалсыз өткөн масштабдуу Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлгөн.

УКМКнын өкүлү «согушкерлердин» Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан да ырастаган да жок. Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда жок кылынган «согушкерлер» аталган уюмдун мүчөлөрү болушкан деген маалыматтар пайда болгон.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов
Видео: Виталий Белошапкин