Майрамдык Айт намазда Кыргызстандын муфтийи терроризм «Исламдын башкы душманы» болуп эсептелерин билдирди. Анын бул сөздөрү Бишкекте «эл аралык террористтик топтун согушкерлерине» каршы өткөрүлгөн «антитррористтик операциялардын» эртеси айтылды.

Түз эфирдин видеосу:

Айт намазы 17-июль күнү эртең менен Бишкектин Эски аянтында окулду. Майрамдык намазга бир нече ондогон миң киши келди.

Ыйык Рамазан айынын аяктаганына арналган майрамдык Айт намаз Бишкектеги эки контртеррористтик операциянын эртеси борбордук аянтта өттү.

IMG_0016_11-1024x683

Намаздын алдында өлкөнүн муфтийи Максатбек ажы Токтомушев насыят айтты. Өз сөзүндө ал терроризм темасын козгоп, аны «Исламдын душмандарынын ойлоп тапканы» деп атады.

«Ислам терроризмин Исламдын душмандары ойлоп чыгарышкан. Алардын оюнда терроризм мусулмандарды жаман жагынан көрсөтүүгө, ошондой эле мусулмандардын өз ара урушуп, кан төгүүлөргө барууларына багытталган», — деп билдирди муфтий Айт намазына чогулгандардын алдында.

IMG_0138_11-1024x683

IMG_0144_11-1024x683

Ажы Токтомушевдин пикиринде, Кыргызстандын кээ бир мусулмандары — «өзгөчө жаштар» — терроризм менен экстремизмди Ислам «дининин бир бөлүгү катары» кабыл алышууда.

«Чет өлкөлөргө кетип жатканда жакшылап ойлонгула — чагымдарга алдырбагыла. Ислам дини — бул жакшылык, кайрымдуулук. Терроризмде дин жок, мамлекет жок, чек ара жок. Ошондуктан мусулман бир туугандар тынчтыктын бузулбашы үчүн биз бардыгыбы андан сактанышыбыз керек», — деп билдирди муфтий Айт намазда.

IMG_0141_11-1024x683

IMG_0135_11-1024x683

Муфтийдин бул сөздөрү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн Бишкекте жана шаар четиндеги Лебединовка айылында өткөргөн эки «контртеррористтик» операциясынын эртеси айтылды.

IMG_0132_11-1024x683

IMG_0029_11-1024x683

IMG_0112_11-1024x683

Операциялардын жүрүшүндө алты «согушкер» жок кылынган — төртөөсү Бишкекте, экөөсү Лебединовкада — жана төрт атайын даярдыктагы аскер кызматкери жаракат алышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге курган маегинде тергөө иш-чаралары дагы деле өткөрүлүп жатканын жана азыр окуянын чоо-жайын ачыкка чыгара албай турганын билдирди.

Айтымында, операциянын жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат кийинчерээк берилет.

УКМКнын өкүлү согушкерлердин» Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан да ырастаган да жок. Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда жок кылынган «согушкерлер» аталган уюмдун мүчөлөрү болушкан деген маалыматтар пайда болгон.