Атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган «согушкерлер «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөлөрү болушкан, деп билдиришти атайын кызматтагылар. УКМКнын маалыматы боюнча, алар Бишкекте жана Канттагы авиабазада жардыруу уюштурууга даярданып жатышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде «Ислам мамлекетинин» жергиликтүү уячасын казакстандык Жанбулат Амиров жетектегендигин билдирди.

Анын айтымында, топ Кыргызстанда эки жардыруу уюштурганы жаткан: бирөөсү — Бишкектин аянтында өтчү Айт намазда, экинчиси — Канттагы орусиялык авиабазада.

«Согушкерлер жүк ташуу унаасына өз алдынча колго жасалган жардыруучу заттарды койгону жатышкан, ал үчүн 500 килограмм аммиак селитрасын сатып алышкан. Андан соң ал унааны адамдар көп чогулган жерде жардырууну пландашкан», — деди УКМКнын өкүлү.

IMG_3664-1024x683

Тема боюнча: УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү Бишкекте «антитеррористтик» операция өткөрдү

24.kg маалымат агенттиги УКМКга шилтеме жасоо менен Канттагы авиабазада «согушкерлер» аскерлер жашаган үйдү жардырып, объектидеги курал-жарактар менен техниканы алууну пландагандыктарын жазды.

IMG_3615-1024x683

Үч «антитеррористтик» операциянын жүрүшүндө атайын кызматтагылар сегиз «согушкерди» жок кылып, дагы жетөөсүн колго түшүрүшкөн.

«Алардын «Ислам мамлекетине» кызмат кылууга ант бергендиктери жана ал жактан — Сириядан —аларга ири суммадагы акча жөнөтүлүп тургандыгы аныкталды», — деп билдирди Сулайманов.

IMG_5486-1024x683

Ал жок кылынган жана колго түшүрүлгөн «согушкерлердин» кайсыл өлкөнүн жарандары экенин тактап айткан жок. Сулайманов атайын кызматтагылар тарабынан Амировдун гана ким экендиги аныкталгандыгын билдирди.

«Амиров жатак абактан качып кеткендиги үчүн издөөдө болчу. [Июндун аягында] ал жактан эки камактагы адам качып кеткен — алардын бири өзүн жардырып жиберген, а экинчиси — мына, Жанбулат Амиров», — деди Сулайманов.

Амиров менен анын шериги Альберт Абхин 2015-жылдын июнунун аягында укук коргоо органдары менен атышуу уюштурушкан. Кийинчерээк милиция Абхин «өзүн граната менен жардырып жибергендигин» билдирген.

IMG_3618-1024x683

«Согушкерлер» менен атышуу

«Согушкерлерге» каршы атайын операция 16-июлда Бишкекте жана шаар четинде өткөрүлгөн. Ал операциялардын жүрүшүндө сегиз куралдуу киши өлтүрүлгөн — төртөө Бишкекте жана дагы төртөө шаар четинде. Ыкчам кызматкерлер тараптан төрт аскер жаракат алышкан.

IMG_5377-1024x683

Атайын кызматтагылар анда атышуунун катышуучуларын «эл аралык террористтик уюмдун согушкерлери» деп аташкан. Бишкектеги операция эки жарым саатка созулган, анын жүрүшүндө чыккан өрттөн беш жеке турак-үй күйүп кеткен.

Атайын операциялар бүгүн, 17-июль күнү эртен менен эч кандай жаңжалсыз өткөн майрамдык Айт намаздын мурунку күнү өткөрүлгөн.