Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын даярдыктагы тобунун «эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерине» каршы куралдуу операциясы аяктады. Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, төрт «согушкер» жок кылынган.

Түз видеоэфир:

Биринчи видео:

Экинчи видео:

Үчүнчү видео:

«Эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерине» каршы Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши тараптагы куралдуу операция аяктады, деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет.

«Окуя болгон жерде УКМКнын кызматкерлери тарабынан тазалоо жана ыкчам тергөө иш-чаралары өткөрүлүүдө. Атайын операциянын жыйынтыктары боюнча, УКМКнын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан курал колдонуу менен активдүү каршылык көрсөткөн 4 согушкер жок кылынды», — деп жазыган атайын кызматтагылардын билдирүүсүндө.

«Согушкерлердин» болжолдуу кармалышы тартылган видео:

УКМКнын билдирүүсү боюнча, атайын операциянын жүрүшүндө ыкчам топтун төрт кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. Учурда алар Бишкектин ооруканаларында.

IMG-20150716-WA00011

«Калк арасында каза болгондор жана жаракат алгандар жок», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов төрт «согушкер» жок кылынып, дагы бирөө кармалгандыгын журналисттерге ырастады. Ал жок кылынгандардын кайсыл уюмга тиешелүү экенинин тактаган жок.

Айтымында, «согушкерлер» Бишкекте теракт жасаганы жатышкан, бирок качан жана шаардын кайсыл жеринде экенин так айткан жок.

Атайын кызматтагылардын операциясы Бишкектеги массалык Айт намаынын алдында өткөрүлдү. УКМКнын өкүлү Айт намазы маалында коопсуздук чаралары күчөтүлүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.

Атайын кызматтагылар чабуул жасаган имараттын операция аяктагандан кийинки көрүнүшү:
[image-comparator left="http://kloop.kg/files/2015/07/11745602_930113940385843_6471057121444254728_n-001.jpg" right="http://kloop.kg/files/2015/07/11755853_930127967051107_8783417168997934836_n-001.jpg" width="100%" classes="hover"][/image-comparator]

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку басма сөз катчысы Елена Баялинова «Фэйсбуктагы» өз баракчасына жаракат күч органдарынын кызматкерлеринин абалы туруктуу экенин жазды.

Операция болжол менен саат 18:00дө башталган — УКМКнын 10го жакын атайын даярдыктагы аскери Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши аймагында жайгашкан Темиров 17 дарегиндеги үйгө чабуул жасашкан.

11709711_930095970387640_6115932453299828480_n1

Күбөнүн билдирүүсү боюнча, атайын кызматтагылар жеке турак-үйгө анда сойкукана жайгашкан болушу мүмкүн деп шектенген жергиликтүү тургундардын даттануусунан кийин барышкан.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Медет Иманакунов Kloop.kgге курган маегинде операцияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери өткөрүп жатканын, а милиция болгону аймакты курчоо менен алектенгендигин билдирди.

Сүрөт жана видео: Бегимай Ибраимова