Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет активист Болот Ибрагимовдун чуулуу видеосунун каармандарынын бири ― интернет колдонуучулар «дрыщ» деп атап жүрүшкөн Жол кайгуул кызматынын «штаттан сырткаркы кызматкерин» кармашты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын эки инспектору, «Ч.Ж.» менен «Б.Унун.» «пара талап кылууга» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталып кармалгандыктарын билдирди.

Андан сырткары УКМКнын кызматкерлери ЖККнын интернет колдонуучулар «дрыщ» деп атап жүрүшкөн «штаттан сырткаркы кызматкерлеринин» бирин кармашкан. Алардын үчөөсү тең УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

«Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга ЖКК кызматкерлерине көмөктөшкөн жана жарандык активист менен жаңжалдуу абал түзүүгө чагым кылган «А.Ш.» аттуу жаран камалды», ― деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин, 7-июлда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы экинчи «штаттан сырткаркы кызматкерди» ― Азирет Арызовду кармашкан.

30-июнда жарандык активист Болот Ибрагимов ЖКК кызматкерлери анын досторунан 5 миң сом пара талап кылып жаткандыктары жана алардан эч нерсе өндүрө албай калган соң «штаттан сырткаркы» эки кызматкери менен бирге куугун уюштурушкандыгы тартылган видео жарыялаган.

УКМК ЖКК кызматкерлерине каршы 13-июлда кылмыш ишин козгогон ― алар «пара талап кылууга» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталып жатышат.

Буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы аларга каршы «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги алгач кызматкерлерине карата сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирден улам кийинчерээк мекеме аларды жумуштан кетирген.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибрагимовду видеосу ЖКК дарегине көптөгөн сын-пикирлерди жараткан.