Кыргыз режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» тасмасы Чехиянын Карловы Вары шаарындагы Европа менен Жер Ортолук деңиз сынчыларынын Fedeora Award байгесине ээ болду.

Орус тилиндеги котормосунда «Небесное кочевье» деген аталыш менен белгилүү «Сүтак» тасмасы East of the West сынагына катышып, бирок андай баш байге ала алган жок. Ал номинацияда «Ребёнок среды» деген венгриялык тасма жеңишке жетти.

Жалпысынан фестивалдын сынактык бөлүгүнө 12 тасма катышкан. Анда жеңишке ээ болгон тасмага ыйгарылчу акчалай байге өлчөмү 20 миң АКШ долларын түздү.

Бирок «Сүтак» кыргыз тасмасы кинематографисттердин көңүл сыртында калган жок. Карловы Варыдагы фестивалда ал европалык жана жер ортолук деңиздик сынчылардын ассоциациясы тарабынан ыйгарыла турган Fedeora Award байгесине ээ болду.

951-introduction-to-film-heavenly-nomadic-producer-altynai-koichuman-1024x683

Кинофестивалда «Сүтакты» продюсерлери Садык Шер-Нияз менен Алтынай Койчуманова, ошондой эле тасманын режиссеру Мирлан Абдыкалыков тааныштырышты.

Фестивалда тасма 4-5-июль күндөрү көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыктары 11-июлда, ишемби күнү чыгарылды.

Тасманын Кыргызстандагы премьерасы сентябрга пландалган. «Сүтак» тасмасынын сценарийин белгилүү кыргыз кинематографисттери — «Бешкемпир» тасмасын тарткан Актан Арым Кубат менен «Боз салкындын» режиссеру Эрнест Абдыжапаров жазышкан.

«Сүтактан» сырткары Карловы Варыда дагы бир кыргыз тасмасы, Лариса Шепитьконун «Аптап» картинасы көрсөтүлдү. 1964-жылы Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз булак» чыгармасынын негизинде тартылган ал тасма конкурстук программада эмес, а ретроспективдик ( режиссерлордун өмүрүнүн ар кайсыл маалында тартылган эмгектери) программада катышкан.

Эл аралык Карловы Вары кинофестивалы быйыл 50чү жолу өткөрүлдү. Ал 1946-жылы негизделип, көптөгөн жылдар бою эки жылда бир өткөрүлүп келген. Бул Канн, Венеция жана Берлин фестивалдары таандык болгон «А» категориясындагы көп эмес кинофестивалдардын бири.

Ар кайсыл жылдары Карловы Вары фестивалына Роберт Де Ниро, Роберт Редфорд, Джон Малкович, Джуд Лоу, Джон Траволта сыяктуу көптөгөн башка кинематография жылдыздары барышкан.

Быйыл фестивалдын баш байгеси эсептелген «Хрусталь глобусту» режиссер Диего Онгаронун америкалык көз карандысыз «Боб жана бактар» тасмасы алды.

«Сүтак» тасмасынан алынган кадр
«Сүтак» тасмасынан алынган кадр

«Сүтак» — Карловы Вары шаарында көрсөтүлгөн алгачкы кыргыз тасмасы эмес. 1999-жылы Кыргызстандын атынан фестивалга режиссер Актан Арым Кубаттын «Бешкемпир» тасмасы катышкан.