Саламаттыкты сактоо министрлиги күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылган Аксы районунун сегиз жашоочусунун анализи алардын оору белгилерин аныктабагандыгын билдирди. Учурда алардын абалдары «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Саламаттыкты сактоо министрилигинин басма сөз кызматы Карантин жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар борборуна шилтеме жасоо менен күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылган сегиз кишиден анализ алынып, алар Ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн санитардык-бактериялык лабораториясында текшерилгендигин билдирди.

«Ооруларды алдын алуу жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун Жалал-Абад облусундагы бөлүмүндө өткөрүлгөн бактериоскопиялык жана бактериологиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы оорулуулардын бардыгынын тең оору белгилерин аныктаган жок», — деп жазылган министрликтин пресс-релизинде.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сегиз кишинин күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу 9-июлда белгилүү болгон — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар ооруну райондогу айылдардын биринде союлган малдын этинен жуктурган болушу ыктымалдыгын билдирген.

«Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан ири мүйүздүү мал жандыктары союлган жерден алынган сынамдардын анализдеринин жыйынтыктары да оору белгилерин аныкташкан жок», — деп жазылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекемеден «ооруган» жана күйдүргүгө шектелген башка эч кимдин жоктугун кошумчалашты.

«Күйдүргү» ― малдан жуга турган өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору.

«РИА Новости» оору адамдан адамга жукпастыгын билдирүүдө. Инфекцинын организмге кирген жолдоруна карай 3 түргө: тери, ичеги-карын жана дем алуу органдарын жабыркатуучу болуп бөлүнөт.

Оорунун козгогучу катары «антракс» аталат, өз аталышын ал тери формасындагы ириңдин уясынын түсүнөн алган.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун маалыматтары боюнча, «күйдүргү» эң байыркы инфекциялардын бири болуп эсептелет. Анын белгилери биздин заманга чейин 1250-жылы белгиленген.

«Антракска» каршы алгачкы эмдөө 1881-жылы француз микробиологу Луис Пастер тарабынан табылган.

Акыркы 100 жылдын ичинде күйдүргүнүн ири эпидемиясы Советтер Союзундагы Свердловск шаарында (азыркы Екатеринбург) 1979-жылы катталган ― Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун маалыматтары боюнча, анда оорудан 70ке жакын киши каза болгон.

2001-жылдын октябрында АКШда жаңжал чыккан ― белгисиз адамдар «күйдүргүнүн» порошогу салынган конверттерди америкалык сенаторлор менен жаңылыктар басылмаларынын кеңселерине жөнөтүшкөн. Анда оорунун 22 адамга жуккандыгы катталып, жыйынтыгында 5 киши каза болгон. Ал конверттерди кимдин жөнөткөндүгү дагы деле белгисиз бойдон калууда.