Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо пайда болгон граффити сүрөттөр кыргызстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратты. Кээ бирлери аларды кемсинтүүчү деп эсептеп жатышса, башкалары тескерисинче, алардын кооз экенин айтып жатышат. Авторлордун өзүлөрү болсо сүрөттөрдү «позитив» үчүн тарткандыктарын билдиришүүдө.

Балбал таштар менен илбирсти элестетип көрсөткөн граффити сүрөттөр жолдон өткөн автоунааларды таштардын кулашынан сактап турган тосмолордун бетинде 26-июнда пайда болгон.

Сүрөттөр Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жырткыч эсептелген илбирсттерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

11659281_435143023332709_7863635481766399991_n

«Бир Бол» партиясынын буйрутмасы менен DOXA чыгармачылык тобу тарабынан жаралган бул эмгек тарапташтарын дагы, каршылаштарын да тапты. Сүрөтчүлөрдүн буга чейинки иштери — имараттардын беттериндеги социалдык граффити сүрөттөр — кыргызстандыктардын арасында көбүнчө жакшы бааларга татыган.

Жаш активст Урмат Майрамбек уулу граффитинин авторлору Кыргызстандын «мурасына шылдың менен» мамиле кылышкан деп эсептейт. Ал балбал таштардын биринен өлкөдө чоң сый-урматка ээ манасчы Саякбай Каралаев менен окшоштуктарды көрүүдө.

«Анда батыш стилинде кийим кийген балбалдар менен Саякбай Каралаев тартылган, алар бири-бирине «Эээй, кандай?», деп атышат. Бул көпчүлүгүнө жакпай эле. Жеке мага эле эмес, а коомдун көпчүлүк катмарына жакпай жатат», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Майрамбек уулу DOXA тобунун буга чейинки эмгектерин көргөндүгүн айтты. Ал мисал катары «Советтик Кыргызстандын кызы» граффитисин келтирди. Ал сүрөттө кыз колуна планшет алып, кулагына кулакчын тагып алган образда көрсөтүлгөн — активист ал сүрөткө жакшы эле көз карашта экенин айтты.

«Анда деле кандайдыр бир өзгөчөлүк жок, бирок анда адамдардын сезимин ойгото турган бир нерсе бар. Ал сүрөт биздин мурда кандай болгондугубузду жана азыр кандай болуп калгандыгыбызды көрсөтөт», — деди ал.

КМТУнун студенти Нурбек Үкүбаев дагы балбалдардан Каралаевдин образын көрүүдө. Ал граффитини урмат-сыйга ээ манасчынын үстүнөн «шылдыңдоо» деп эсептейт.

««Эээй, кандай?» деген сөз менен алар Саякбай Каралаевди шылдыңдап жаткандай. Жайында көптөгөн туристтер келет. Алар эмне деп ойлошот? Бул коомчулукка да жакпайт болуш керек», — деп эсептейт ал.

«Көңүлдү көтөрөт»

Сүрөттүн авторлорунун бири Сергей Келлер Kloop.kgге берген маегинде авторлордун позитивдүү маанай» жаратуу аракетине карабастан адамдар алардын ишин «бир аз туура эмес» кабыл алгандыктарын айтты.

«Биз граффитини Basicolors фестивалы үчүн тартканбыз. Бул позитивдүү сүрөт. Аны көрүп адамдардын көңүлү көтөрүлсүн деген максатта жасалган. Сүрөттүн негизи катары балбал таштарын алып, аларды жаштар менен туристтерге жакындатуу үчүн заманбап кийимдерди кийгизип, заманга ылайыкташтырганбыз», — деди ал.

11536096_435143123332699_5900567090695876060_n

Келлер авторлор граффитиде Каралаевди көрсөтүүнү ойлонуштурбагандыктарын айтты.

«Бул ойдон чыгарылган сүрөт. Эч жерден көчүрүлгөн эмес. Бул жөн гана ойдон чыгарылган образ. Анда эч кандай Каралаев, эч кандай манасчылар жок. Эмне деген сандырактык? Мен так кесе айта алам, ал сүрөттү мен ойлоп тапкам», — деди ал.

Бирок жалпысынан DOXA чыгармачылык тобунун эмгеги боюнча жакшы пикир калтыргандар көп болду — алардын «Фейсбук» социалдык түйүнүнө жайгаштырган граффити сүрөттөрүн 650дөн ашык колдонуучу жактырып, 50дөн ашыгы аны менен өз баракчаларында бөлүшүшкөн.

Ника Сыдыкова аттуу колдонуучу сүрөтчүлөрдү мактоо менен «дубалдарда маанисиз сөздөрдөн көрө (адепсиз сөздөр, А+Н=сүйүү, бул жакта Баланча болгон деген сыяктуу жазуулар) кооз сүрөттөрдүн турганы жакшы», деп жазган.

«Силердин эмгектен кичинекей балдардай болуп аябай кубанып жатам. Көргүм келип жатат, тезирээк Ысык-Көлгө барсам экен», — деп жазган Сергей Ершов деген колдонуучу.