Борбордо акыркы 60 жылдан берки эң ысык күндөр болууда. Эгер сиз бул саптарды көл жээгинде отуруп окубай эле болсоңуз, анда Kloop.kg сиз үчүн Бишкектин ысыгынан алаксуунун бир нече жолун даярдады.

Биз эс алуунун сегиз экстремалдуу түрүн белгиледик, кээ бирде алардын кай бирлерин «экстремалдуу» деп атоо кыйын, бирок алардан адреналиндин белгилүү бир үлүшүн алууга болот.

Рафтинг

«Дайна» агенттигинин «Дизель» интернет-форумундагы баракчасына жайгаштырылган сүрөт.
«Дайна» агенттигинин «Дизель» интернет-форумундагы баракчасына жайгаштырылган сүрөт.

Рафтинг — үйлөтүлгөн кайыктарда (рафттарда) тоолуу агын сууда сүзүү. Бишкекте рафттарда сүзүү кызматын  «Дайна» жана «Гелеон» деп аталган эки компания көрсөтөт. Негизинен рафтинг Бишкектен ары бир жарым сааттык жол жүрүү алыстыгында жайгашкан Чоң-Кемин суусунда  өткөрүлөт.

Сүзүү маалында ар бир рафтта инструктор болот, ал кайыктын багытын аныктап, анын оодарылып кетпешине көз салып турат.

Эки компаниянын тең маалыматтары боюнча, каалоочулар үчүн оордугу боюнча өз ара айырмаланган рафтингдин үч түрү сунушталат:

1. «Таанышуу рафтинги». Сүзүү убактысы 40 мүнөттү түзөт. Сүзүүнүн бул түрү рафтка алгачкы жолу чыгып жаткандарга туура келет. Кызмат бардык жаш курактагылар үчүн жеткиликтүү. Кызмат менен 10 жашка чейинки балдар дагы ата-энесинин коштоосунда пайдалана алышат.

«Дайна» агенттигинде таанышуу иретинде рафтингге чыгуунун баасы бир адам үчүн 1000 сомду түзөт. Бул сумманын ичине жеңил бут кийим менен гидрокостюмдар кирбейт.

«Geleon» кызматы үчүн бир адамдан 900 сомдон алат. Ошондой эле агенттик бир нече адамдардан турган топтор үчүн дагы сүзүүлөрдү сунуштайт.

2. «Популярдуу рафтинг». Сүзүү убактысы 2,5 саатты түзөт.

«Дайна» агенттигинин директору Елена Горбунова Kloop.kgге берген маегинде «популярдуу рафтингдин» убактысы «суу агымынын ылдамдыгына жана топтун физикалык даярдыгына» жараша өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты. Сүзүүнүн узактыгы — 25 чакырым.

Баасы:

«Дайна» — бир адам үчүн 1800 сом

«Гелеон» — бир адам үчүн 1600 сом

«Дайна» агенттигинин «Дизель» интернет-форумундагы баракчасына жайгаштырылган сүрөт.
«Дайна» агенттигинин «Дизель» интернет-форумундагы баракчасына жайгаштырылган сүрөт.

Жөнөө чекити — Шабдан Баатыр атындагы көпүрө. Сүзуү Чоң-Кемин суусунан башталып, Чу дарыясында уланат да Чолок айылынын жанындагы палаткалык лагерде аяктайт. Каттамдын оордугу 6 баллдык эл аралык классификация боюнча 2-3 баллга бааланат.

  1. «Райтингдин татаалдаштырылган программасы». «Дайна» жана «Гелеона» компанияларынын маалыматтары боюнча, бул каттамдын оорудугу 4-5 баллга бааланат. Узундугу — 25 чакырым. Убактысы — 2 саат.

Баасы:

«Дайна» — 7 кишиден турган топ үчүн 16000 сом.

«Гелеон» — бир киши үчүн 2400 сом.

Ошондой эле Кыргызстандагы тоолуу дарыялар коңшу Казакстан, Орусия жана алыскы өлкөлөрдөгү рафтинг сүйүүчүлөрдү кызыктырат. Рафтта сүзүү жайкы мезгилде күн сайын жеткиликтүү. Сезон майдан сентябрга чейин уланат.

Эки агенттик тең сүзүү аймагына чейин жеткирүү кызматтарын көрсөтүшөт, бирок ал үчүн өзүнчө сумманы төлөөгө туура келет. Ар бир рафтта экиден инструктор болот.

Ар бир сүзүүнүн алдында агенттиктин өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин өткөрүшүп, негизги командаларга үйрөтүшөт.

Андан соң инструкторлор адамдардын каалоосу, алардын физикалык даярдык жана салмагына жараша отургузушат.

Төмөндөгүлөрдү алып алуу керек:

  • Сууга түшүү кийимдери;
  • сүлгү;
  • алмаштырып кийүүгө кийим;
  • кургак азык.

Параплан

«Fly.kg» учуу мектебинин «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынган сүрөт.
«Fly.kg» учуу мектебинин «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынган сүрөт.

Параплан — түзүлүшү жагынан парашютту элестеткен моторсуз учуу аппараты.

Учуу Бишкектин айланасында, негизи эле Кыргызстанда жетиштүү болгон дөңсөө жерлерде ишке ашат.

«Седьмое небо» жана «Fly Dream» клубдарынын маалыматтары боюнча, эки орундуу парапланда коммерциялык учуулар Бишкектен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Таш тоосунун аймагында болот. Учуулар тажрыйбалуу учкуч инструкторлордун коштоосунда жүргүзүлөт.

Жогорудагы эки клубдан сырткары каалоочулар Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан парапланда учуу боюнча «Fly.kg» жайкы мектебинде дагы окуудан өтүшсө болот. Мектептин маалыматы боюнча, Кыргызстанда учууну баштоо боюнча 11 чекит бар.

«Fly Dream» агенттигинин «Фэйсбуктагы» баракчасындагы сүрөт.
«Fly Dream» агенттигинин «Фэйсбуктагы» баракчасындагы сүрөт.

Учуу баасы:

250 метрлик бийиктиктен 1000 сом

1000 метр бийиктиктен 4000 сом

Бул сумманын ичине учуу чекитине барып келүүдөгү транспорт чыгымдары, учкучтун кызматтары, ошондой эле учууну GoPro камерасына тартуу жана ал тасма жазылган дискке кеткен чыгымдар кирет.

Төмөндөгүлөрдү алып алуу керек:

  • Спорттук жабык кийим;
  • Кургак азык жана суу.

Дельтаплан

«Дизель» интернет-форумунун skyranger деген колдонуучусунун сүрөтү.
«Дизель» интернет-форумунун skyranger деген колдонуучусунун сүрөтү.

Дельтаплан — үч бурчтуу учуучу апптарат, башкаруу учкучтун денесинин абалынын өзгөрүшү менен ишке ашат.

Дельтапланда учуу кызматтары жеке инструктор учкучтар тарабынан көрсөтүлөт. Бир жолу учуунун баасы 100 АКШ доллары, а учуу убактысы 20-25 мүнөттү түзөт. Учуунун старттык чекитинин бийиктиги — 1500 метр.

Кардарларга болгон талап:

— салмагы 90 килограммдан аз болушу керек

Төмөндөгүлөрдү алып алуу керек:

  • спорттук кийим

Кара-Жыгач токойундагы «Аркан Токой» бийиктиктеги экстрим паркы

skachannye-fajly
«Аркан Токойдун» «Дизель» интернет-форумундагы баракчасынан алынган сүрөт.

«Аркан Токой» — бул Бишкектин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Кара-Жыгач токойундагы 3 метрден 15 метрге чейинки бийиктикте орун алган аттракцион жана аянтчалары бар парк.

Көңүл ачуунун баасы каттамдын түрү жана анын оордугуна жараша болот. Эң арзан каттам — 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга жана тажрыйбасы жок адамдарга арналганы, баасы бир барып келүүсү 250 сомдон. Эң кымбат жана оор каттамдарда бир барып келүүнүн баасы 450 сомдон 500 сомго чейин.

Парк эртең мененки саат 10дон баштап иштейт, акыркы кызмат көрсөтүү 18:30да. «Аркан Токойго» чыгуу зарыл болгон сактануулар менен ишке ашырылат.

Төмөндөгүлөрдү алып алуу керек:

  • спорттук жеңил кийим;
  • тамак-аш алып алсаңар жакшы болот, анткени жакын жерде иштеген кафелер жок.

Картинг

«Старт» картинг-клубунун «Фэйсбуктагы» баракчасына жайгаштырылган сүрөт.
«Старт» картинг-клубунун «Фэйсбуктагы» баракчасына жайгаштырылган сүрөт.

Картинг — кузову жок жөнөкөй жарыш унаасы.

Картинг менен «Старт» картинг-клубунда жүрүүгө болот. Бир жолку жүруүнүн (5 мүнөт) баасы — 400 сом.

10978522_642364089225943_5195840570179890775_n

Картинг-клуб күн сайын саат 13:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

Андан сырткары картинг клуб 7 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл ала ала турган жеке картинг мектебин ачкан.

Картингдерде кош бойлуу аялдардын же мас абалындагы адамдардын жүрүүсүнө тыюу салынат. 9 жаштан төмөнкү жаш курактагы жана боюнун узундугу 130 сантиметрден төмөн болгон балдар  картингдерде инструктордун коштоосу алдында жүрө алышат.

Вейкборд

Сүрөт: Тем Колосов.
Сүрөт: Тем Колосов.

Вейкбординг — өз ичине суу лыжасы, сноуборд, скейт жана сёрфингдин айкалышын камтыган спорттун экстремалдык түрү.

Вейкбордингдин эки түрү бар: вейкборд-катер жана кабелдик вейкборд. Азырынча Бишкекте кабелдик вейкбординг гана бар. Анда вейкбордисттин кыймылдары спортчуну сууда жылдырып турчу аркандуу сүйрөгүч орнотмосунун жардамы аркасында ишке ашат. Вейкбордисттин өзү толкундар менен трамплиндердин жардамы менен түрдүү өнөрдөрдү көрсөтө алат.

Сүрөт: Тем Колосов.
Сүрөт: Тем Колосов.

Бишкектеги алгачкы жана азырынча жалгыз вейкборд-паркы Бишкектин түштүк-батышындагы мурунку аба майдан аймагындагы көлдө жайгашкан. Спортчуларды үйрөткөн вейкбординг мектеби дагы ошол эле жерде.

Иш күндөрү бир мүнөтү үчүн 50 сомдон алышат, а дем алыш күндөрү — 70 сомдон.

Иштөө тартиби: күн сайын эртең мененки саат 10дон кечки 20:00гө чейин.

Төмөндөгүлөрдү алып алуу керек:

  • сууга түшүү кийимдерин;
  • сүлгү.

Багги, квадроциклдер, мотодельтапландар

Багги. «Байтик» экстрим-паркынын «Фэйсбуктагы» баракчасындагы сүрөт. 
Багги. «Байтик» экстрим-паркынын «Фэйсбуктагы» баракчасындагы сүрөт.

Экстремалдуу кызматтын бардык үч түрү тең бир жерде бар — «Байтик» экстрим-паркы, Бишкектен ары 30 мүнөттүк жол.

Транспорт каражаттарына отуруунун алдында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, атайын ылайыкташтырылган тиешелүү кийимдерди кийгизип, тобокелчиликтер тууралуу айтып беришет.

Жерде жүрүүчү транспорт каражаттары ижарага 15 мүнөткө же рельефтик жолду 5 жолу айланып чыгуу үчүн берилет. Бир айлануунун узундугу — бир чакырым. Мотодельтапланда (кыймылдаткычтуу дельтаплан) учуунун үч варианты бар, алар өз ара учуунун узактыгы жана бийиктиги боюнча айырмаланышат.

Баалардын жалпы диапазону 500 сомдон 2000 сомго чейинки сумманы түзөт.

Чектөөлөр:

  • Кош бойлуу жана жүрөк кан тамыр жана нерв ооруларынан жабыркагандарга дельтапланда учуу сунушталбайт.
  • Багги/квадроциклдарда жүрүүдө салмак боюнча чектөөлөр бар — ал 120 килограммдан ашпашы керек.

Страйкбол

«Airsoft Arenaнын» расмий сайтынан алынган сүрөт.
«Airsoft Arenaнын» расмий сайтынан алынган сүрөт.

Эйрсофт деген аталыш менен дагы белгилүү болгон страйкбол — бул  командалык, аскердик-спорттук оюн, биринчи караганда пейнтболго окшоп кетет.

Бишкекте  страйкболду «Airsoft Arenaда» ойноого болот. Каалоочулар үчүн полигондун эки варианты бар: жабык жана ачык.

Күндүзгү тариф үчүн бир киши 400 сом, а кечкиси үчүн — 500 сом төлөшү керек. Оюн үч саатка чейин уланат. Төлөнгөн баанын ичине форма, кол кап, бет кап, тандап алганына жараша курал жана аларга керектүү шарлар. Өзү менен бирге спорттук бут кийим алып алуу сунушталат.

Бирок кошумча курал-жарак жана граната үчүн (өз каалоосу менен) өзүнчө төлөөгө туура келет.

Автор: Метин Джумагулов