2-июлда Бишкекте абанын температурасы рекорддук 38,2 градуска чейин көтөрүлдү. Бул акыркы 62 жылдан берки Кыргызстандын борборундагы аталган айдын эң ысык алгачкы күндөрү.

Июндун аягында «Кыргызгидрометборбор» Бишкекте июлдун алгачкы күндөрү өтө ысык болорун эскерткен. Алардын маалыматтары боюнча, борбордогу абанын температурасы күндүз 41 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Шаардыктар ысыкта Бишкектин түндүгүндөгү Комсомол көлүнө түшүп жатышат.
Шаардыктар ысыкта Бишкектин түндүгүндөгү Комсомол көлүнө түшүп жатышат.

«Мындай өтө ысык аба ырайы болуп турганда организмдеги суунун азайышынан жана ысыктын уруусунан сактануу үчүн күндө көп жүрүү сунушталбайт», – деп билдирди «Кыргызгидрометборбор».

Жылдар боюнча аба ырайынын кандай болгондугу тууралуу статистика жүргүзгөн «Погода и климат» сайты акыркы жолу Бишкекте мындай ысык 1953-жылы болгондугун билдирүүдө. Ал жылы 2-июлда термометрдин көрсөткүчү 36,1 градуска чейин көтөрүлгөн.

Сайттагы маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда, абанын температурасы 38,2 градуска чейин жогорулап, 1953-жылдагы рекорддон ашып өткөн.

«Июлдун орточо айлык температурасынын нормасы: 24,9 градус. Байкоолордун маалыматтары боюнча, айдын факты жүзүндөгү температурасы: 29,5 градус. Нормадан ашуу: +5,3 градус», – деп жазылган сайтта.

Өтө ысык күн бишкектиктерди кыйнап баштаган 2-июлда Комсомол көлүндө жүздөгөн шаардыктар эс алышкан.
Өтө ысык күн бишкектиктерди кыйнап баштаган 2-июлда Комсомол көлүндө жүздөгөн шаардыктар эс алышкан.

Тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болотбек Абдылдаев жарандарга ысык уруп калбашы үчүн адам күндүз күнүнө 1-2 сааттан ашык көчөдө жүрбөсө жакшы болот деген кеңешин берген — ысык уруунун башкы белгилери болуп баш айлануу, дененин ысышы, жүрөк айнып кускуу келүү жана эс-учун жоготуу эсептелинет.

Ал көчөдө иштегендерге же ал жакта көп болууга мажбур адамдарга көбүрөөк көлөкөгө чыгуу же имараттын ичине кирүү кеңешин берди. Абдылдаев мисал катары базарда иштегендер менен курулушчуларды келтирди.

«Эгер адам базарда иштесе, ал кол чатыр коюусу керек. Анан да сөзсүз жанында газдалбаган, ичүүгө жарактуу суу болушу зарыл. Көбүрөөк суу ичүү керек», — деди Абдылдаев Kloop.kgге курган маегинде.

А Бишкектин кээ бир жашоочулары шаардагы көптөгөн фонтандардын жанында сергип жатышат.
А Бишкектин кээ бир жашоочулары шаардагы көптөгөн фонтандардын жанында сергип жатышат.

Ысыктан кийин жаан жаайт

«Кыргызгидрометборбордун» маалыматы боюнча, өтө ысык аба ырайынан кийин чагылгандуу жаан-чачын болуп, бийик тоолорго кар жаайт.

Синоптиктер аба ырайынын кескин өзгөрүшү айыл чарба иштерин, жайыттарда малдын жайылышын, автотранспорт каражаттарынын, байланыш ишканаларынын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын иштерин оорлото тургандыгын эскертүүдө.

36-38 градустук ысыкта шаардыктар ысык уруудан сактануунун жана сергип алуунун болгон жолдорун пайдаланышууда.
36-38 градустук ысыкта шаардыктар ысык уруудан сактануунун жана сергип алуунун болгон жолдорун пайдаланышууда.

«5-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн», – деп билдирүүдө «Кыргызгидрометборбор».