Limon.kgнин редакциясы кыргыз эркегинин көчмөндөр доорунан азыркы күнгө чейинки 11 образын көрсөткөн.

«Кыргыз эркегинин образы кандай өзгөргөн?» деген аталыштагы видео 2-июль күнү эртең менен жайгаштырылды. Ал YouTube видеохостинг сервисинде 100 миңден ашык жолу көрүлгөн «Кыргыз аялзатынын сулуулук тарыхы» деген роликтин уландысы болуп эсептелет.

Видеодо кыргыз эркегинин ар кайсыл жылдардагы образдары көрсөтүлгөн: көчмөндөр доору, андан соң 1920-жылдардан 2015-жылга чейинки.

«Лимондун» башкы редактору Назгүл Бербаеванын айтымында, кыргыз эркегинин образынын кандай өзгөргөндүгү тууралуу экинчи видеону басылманын журналисттери «окурмандардын он миңдеген ой-пикирлеринен» кийин тартып башташкан.

«Жаңы роликти тартуу үчүн Limon.KGнин редакциясы жүздөгөн тарыхый кадрларды көрүп, советтик киношедеврлерди иликтеп, ондогон үй-бүлөлүк сүрөт архивдерин казып чыкты — бизге доордун каармандарынын өзүлөрү жана алардын образдары дем берди. Ал жүздөгөн көчмөн элдерди бириктирген көчмөн маданиятынан башталат», — деп жазган Бербаева.

Роликтин башкы каарманы «We’ll Be» бий тобунун бийчиси Дастан Тилек уулу болгон.

«Дастан 11 образды көрсөттү, бийлеринде ал ар бир он жылдыктын башкы маанайын чагылдырат. Алсак, 1920-жылдары улуттук кара жорго бийи көрсөтүлдү, 1940-жылдары башкы каарман аскердик жеңиш бийин бийледи, а 1980-жылдарын чагылдырганда белгилүү «петушок» баш кийимин жана финн олимпиадалык курткасын кийген Дастан жөө күлүктүн образында олимпиада оту бар шамана көтөрүп бара жатат», — деп жазган Бербаева видеону сүрөттөп.

Видео «Кыргыз аялзатынын сулуулук тарыхы»: