Мурда билим берүү министринин орун басары кызматында иштеген Бишкек гуманитардык университетинин проректору 30-июнда 300 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкек гуманитардык университетинин проректоруна карата «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын маалыматы боюнча, проректор дипломдук ишти жактоодо жакшы баа коюуу үчүн окуу жайдын студентинен $300 талап кылган.