Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Кыргызгидрометборбору» июлдун башы Кыргызстан үчүн «өтө ысык» болорун эскертишкен. Тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев Kloop.kgге ысык уруудан сактануу жолдору тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен «Кыргызгидрометборбору» кыргызстандыктарга 2-июлдан 4-июлга чейин катуу ысык болорун эскертишкен. Синоптиктердин маалыматтары боюнча, ал күндөр аралыгында термометрдин көрсөткүчү 40 градустан жогору болот.

Тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болотбек Абдылдаев Kloop.kgге курган маегинде адам ысык урганын дароо сезбестигин айтты.

«Ошондуктан ысык аба ырайы болуп турганда адамдар көчөдө азыраак болуулары керек», — деди Абдылдаев.

Анын айтымында, ысык уруп калбашы үчүн адам күндүз күнүнө 1-2 сааттан ашык көчөдө жүрбөсө жакшы болот.

Ысык уруунун башкы белгилери болуп баш айлануу, дененин ысышы, жүрөк айнып кускуу келүү жана эс-учун жоготуу эсептелинет.

Ал көчөдө иштегендерге же ал жакта көп болууга мажбур адамдарга көбүрөөк көлөкөгө чыгуу же имараттын ичине кирүү кеңешин берди. Абдылдаев мисал катары базарда иштегендер менен курулушчуларды келтирди.

«Эгер адам базарда иштесе, ал кол чатыр коюусу керек. Анан да сөзсүз жанында газдалбаган, ичүүгө жарактуу суу болушу зарыл. Көбүрөөк суу ичүү керек», — деди Тез жардам кызматынын Бишкектеги станциясынын башкы дарыгеринин орун басары.

Анын айтымында, эгер адамга ысык уруп калса (мисалы, башы айланып же кан басымы кескин көтөрүлсө), анда тез жардам чакыруу керек.  Андан сырткары кээ бир адамдардын тобунда өнөкөт оорулары же жүрөгүндө көйгөйлөрү болот — аларга дайыма жанына керектүү дарыларын алып жүрүү сунушталат.

Автор: Адина Осмонова.