Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы 500дөн 4000ге чейинки таластык митингге чыкты. Акциянын катышуучулары эгер алардын койгон талаптары аткарылбаса, «чара көрө тургандыктарын» билдиришти.

Митинг Талас облусунун Талас районундагы Манас айылында болду — түрдүү маалыматтар боюнча, нааразычылык акциясына 500дөн 4000ге чейинки адам чогулган.

Оппозициялык «Мекенчил» партиясынын жетекчилеринин бири Төрөхан Жунусбеков митингке Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы болгон бир жарым миңден ашык киши чогулгандыгын билдирди.

«[Митингчилердин] башкы талабы — ата-бабаларыбыз калтырган мөңгүлөрдү, таза сууларды, экологияны сактап калуу. Биздин талап аткарылышы керек. Биз аягына чейин турабыз», — деп билдирди Жунусбеков Kloop.kgге курган маегинде.

11265237_929250110469406_4912877017891580473_n

Жерүй — алтындын запасы боюнча Кыргызстандагы экинчи алтын кени болуп эсептелет. 2015-жылдын майында Кыргызстандын өкмөтү кенди иштетүүгө лицензия берүү боюнча аукцион өткөргөн — анын жыйынтыгында алтын өндүрүү укугуна орусиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы ээ болгон.

Манас айылынын жашоочусу Кемел Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде митингдин уюштуруучусу «элдин өзү» экенин билдирди. Айтымында, нааразычылык акциясына төрт миңден ашык киши чогулган.

«Эң башкысы — экологияны сактап калуу. Эгер кен ачылса экология бузулат, биз аны жоготуп алабыз. Сууну жоготобуз, помидорлор, бадыраңдар, бардык жашылчалар соолуп калат. Оорулар көбөйөт, а элдин жашоосу төмөндөйт. Биз оорулуу болуп, майып балдар төрөлөт», — деп ишендирди фамилиясын айтуудан баш тарткан Кемел.

Анын пикиринде, Кыргызстандын бийлиги эл менен иштеп, «ал жөнүндө» ойлонуусу керек.

«А бийлик элди ойлобой эле. Аларга эмне керек? Байлык керек. Байлыкка ээ болгондон кийин Максимдей, Бакиевдей болуп качып кетишет. [Кыргызстандын президенти Алмазбек] Атамбаев дагы ошолордой», — деп билдирди ал.

Манас айылынын дагы бир жашоочусу Серен Шейшенбеков Kloop.kgге берген маегинде митингге чыккандар Жерүйдүн иштетилишине каршы болуп жаткандыктарын айтты.

11660032_929277353800015_1745002448_o-1024x576

«Президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке он чакты жолу кайрылдык. Элдин көбү кенди ачпоо талабы менен кайрылган. Бул жолкусунда да эл ушундай талап менен чыкты», — деп билдирди Шейшенбеков.

Митингге катышып жаткан «Кыргыз чоролору» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев митинг аяктагандыгын билдирди — нааразычылык акциясынын катышуучулары бийликтен кенди иштетүүнү баштабоону талап кылышкан.

«[Митингчилер] 21-июлдан кийин Жерүйгө барчу жолдо чоң чогулуш өткөрүү чечимине келишти. [Бүгүн] элге губернатордун орун басары менен акимдин орун басары чыгышты. Алар айтылган талаптарды президент менен өкмөткө жеткире тургандыктарын билдиришти. Эгер [бийлик] элдин үнүн укпаса, анда эл өзү чечим кабыл алып, чараларды көрөт», — деди Көчөрбаев.

Акциянын катышуучуларынын айтымдарында, митингде чагымчылдыктар менен коомдук тартипти бузуулар болгон жок. Ички иштер министрлигинен Kloop.kgнин кабарчыларына Талас облустук ички иштер башкармалыгына кайрылууну сунушташты. Облустук ИИБден митинг тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жеткиликсиз болуп чыкты.

Жерүй

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Жерүй кенинин запасы 11,8 млн. тонна кенге жетет, анын 70 тоннадан ашыгын алтын түзөт.

Кен облус борбору Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан жана 1970-жылдары ачылган.

2015-жылдын февралында Кыргызстандын өкмөтү Жерүйдү иштетүү укугун берүү боюнча сынак жарыялаган. Майда мамгеология сынактын жыйынтыгы менен кенде алтын иштетүү укугуна орус ишкери Муса Бажаевге таандык болгон орусиялык «Русская платина» компаниялар тобунун туунду компаниясы эсептелген «Восток-геолдобыча» компаниясы ээ болгондугун билдирген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, «Восток-геолдобыча» июндун башында Жерүйдү иштетүү лицензиясы үчүн 100 млн. АКШ долларын төлөгөн.

Орусиялык компания кенди ищтетүү укугуна кыргыз өкмөтү казакстандык «Visor» компаниясынын кенди иштетүү лицензиясын чакырып алгандан беш жыл өткөн соң ээ болууда.

«Visor» лицензиясынын чакырылып алынышын «экспроприация» (тартып алуу) деп атап, бул үчүн 548 млн. АКШ долларын талап кылып, Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго доо арыз жолдогон.

«Жерүй» боюнча соттук териштирүүлөр 2015-жылдын ноябрына белгиленген. Кыргыз бийлигинин шарттары боюнча, кенди иштетүү укугун утуп алган компания ал териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алып, «Visorго» компенсация төлөп бериши керек болот.

Эми «Восток-геолдобыча» Жерүйдү иштетүү укугун коргоп, эгер сот тиешелүү чечим чыгарса «Visor» компаниясына компенсация төлөп бериши керек болот.

Ошондой эле кенди иштетүү укугу үчүн жарыяланган сынакка орусиялык ири алтын өндүрүүчү «Полюс Голд» компаниясы менен Кыргызстандын «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы да катышкан. Бирок «Полюс Голд» сынактын шарттарын «көңүл коюп окуп чыккан соң» сынакка катышуудан баш тарткан.

Авторлор: Перизат Кубанычбекова, Камбар Асан уулу