Премьер-министр Темир Сариев өкмөт өлкөнү газдаштыруу менен алектенген  «Газпром — Кыргызстан» компаниясы буга чейин сунуштагандай газга болгон тарифтерди жогорулатпай тургандыгын билдирди.

Сариев мындай билдирүүнү 2-июлда, күз жана кышкы мезгилге даярдык көрүүгө арналган жыйында жасады. Премьер-министрдин айтымында, газга болгон тарифтер жылдын аягына чейин жогорулабайт.

«Газпром-Кыргызстан” компаниясы жаратылыш газы туруктуу жана үзүгүлтүксүз болот деп убада берген. Анын баасы өкмөт менен макулдашып аныкталган орточо тарифтик саясаттан ашпайт. Быйыл газдын баасы көтөрүлбөйт», — деп билдирди Сариев.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 2015-жылдын 29-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 10 миллиард куб метрди түзгөндүгүн билдирген.

«[…] алдыдагы күз-кыш мезгилине Тажикстандан 500 миллион кВт.саат электр энергиясын сатып алуу пландалууда. Тиешелүү келишимге кол коюлган», — деп жазылган билдирүүдө.

Премьер-министрдин билдирүүсү газга болгон тарифтерди жогорулатпоо талабы менен июндун аягында парламент имаратынын алдына митингке чыккан оппозициялык саясатчылардын талаптарына туура келет.

«Газга болгон тарифтер көтөрүлбөшү керек, анткени биздин социалдык шартыбызда эсеп боюнча төлөө кыйын болуп калат. [Президент Алмазбек] Атамбаев газ кымбаттабайт деп убада берип туруп «Кыргызгазды» сатып жиберди, эми бааларды жогорулатууга да барышы мүмкүн», — деп билдирген анда оппозициялык саясатчы, президенттин мурунку жардамчысы Адил Турдукулов.

22-июнда «Азаттык» радиосу премьер-министрдин басма сөз катчысына шилтеме жасоо менен «Газпром — Кыргызстан» компаниясынын директору Болот Абилдаев оозеки түрдө Сариевден газга болгон тарифтерди жогорулатууну өтүнгөндүгүн билдирген.

«Абилдаев өз өтүнүчүн компаниянын киреше алышы керектиги же жок дегенде чыгымдарды акташы керектиги менен түшүндүрдү. Азыр жаратылыш газына болгон тарифтер бюджет тарабынан дотацияланууда», — деп билдирген анда «Азаттык» радиосу.