Kloop.kgнин кабарчысы Уулжан Саякбаева бишкектик айдоочулар шаар бийлиги тарабынан долбоорлонгон жаңы веложолдорго унааларын токтотуп койгон көрүнүштөрдү сүрөткө тартып келди.

IMG_1178r

Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн Панфилов жана Исанов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө сары сызык менен белгиленген веложолдор июндун аягында пайда болгон. Сызыктар түшүрүлөрү менен аларды таштанды челектери менен бишкектик айдоочулар ээлеп алышкан.

IMG_1185r

 

Kloop.kgнин кабарчысы айдоочулардан эмне себептен веложолдорду унаалары менен тосуп алгандыктарын билүүгө аракет кылган, бирок алар түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Кыргызстандын велокоомчулугу» кыймылынын негиздөөчүсү Искендер Алиев айдоочулардын бул аракеттерине карата нааразычылыгын билдирди — айтымында, веложолдорго токтотулган автоунааларды эвакуациялоо керек.

IMG_1182r

«Көйгөй айдоочулардын унааларын веложолдорго токтоткондугунда эмес, а алардын жол эрежесин бузуп жаткандыктарында. Бишкекке көбүрөөк эвакуатор алуу керек», — деди Алиев.

IMG_1181r

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы түшүндүрмөнү кийинчерээк берүүнү убадалады.

IMG_1180r

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан «кеңешмеден кийин» түшүндүрмө бере тургандыктарын айтышты.

IMG_1190rАвтор: Уулжан Саякбаева