29-июнда кыргыз жана өзбек чек арачыларынын ортосунда Айдаркен чек ара постунун аймагындагы чек арада  ок атышуу болгон — Өзбекстан чагымчылдыкка кыргыз тарапты айыптады. Атышуунун жыйынтыгында катардагы өзбек аскер кызматкери Собир Давлатов жаракат алган.

Жаңжал 29-июнда Айдаркен чек ара күзөтү жооптуу болгон кыргыз-өзбек чек арасынын Баткен облусундагы аймагында болгон.

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин маалыматы боюнча, биринчи болуп Кыргызстандын «мас абалындагы» чек арачысы ок чыгарган.

«Үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда болжол менен саат 10.30дарда Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Дугоба калктуу конушунда жайгашкан Көзөмөл өткөрмө пунктунда кызмат өтөп жаткан мас абалындагы кыргыз чек арачысы Фергана районунун Шахимардан анклавындагы Машаланг калктуу конушунда жайгашкан Өзбекстандын көзөмөл өткөрмө пунктун көздөй автоматтан ок чыгарган», —деп жазган «УзТАГ» өзбек маалымат агенттиги өлкөнүн УККсынын басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

Аткылоонун жыйынтыгында катардагы өзбек чек арачысы Давлатов Собир жаракат алып, тез аранын ичинде «октон алган эки жаракаты менен» жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Өзбекстандын чек ара мекемесинин басма сөз кызматы өзбек аскер кызматкери кызмат өтөө маалында «өз аймагында» жарадар болгондугуна ишендирүүдө.

«Анын [аскер кызматкеринин] атылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерди, ошондой эле эл аралык ченемдерди бузуу болуп эсептелет», — деп билдирди өзбек чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Өзбек тараптын маалыматы боюнча, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн жогорку кызматтагы чиновниктери окуя үчүн «кечирим сурашкан».

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тараптын айыптоосун четке какты. Кыргыз Чек ара кызматынын версиясы боюнча, жаңжалдын чыгышына мамлекеттик чек аранын аймагына «чек ара күзөтүн мыйзамсыз койгон» өзбек аскер кызматкерлеринин аракеттери себеп болгон.

«Кыргыз чек арачыларынын мамлекеттик чек араны бузбоо жана көзөмөлдү мамлекеттик чек ара тилкесинен белгилүү бир алыстыкта жүргүзүү талабына Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин тозотунун башчысы: «Кайсыл жерде болууну кааласам, ошол жерде болом» деп жооп берген. Өз ара айтышуудан кийин Өзбекстандын чек ара күзөтү Кыргызстандын чек арачыларын көздөй биринчилерден болуп ок чыгарган. Кыргыз чек арачылары жооп катары ок атууга мажбур болушкан», — деп билдирди кыргыз Чек ара кызматынын басма сөз борбору.

Кыргыз мекемесинин маалыматы боюнча, эки тарап атышуу боюнча тергөө жүргүзүү милдеттемелерин алышты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы өзбек тараптын айыптоолору боюнча түшүндүрмө берген жок. Буга чейин кызмат ок атууну кыргыз чек арачысынын «чек араны бузбоо» эскертүүсүн укпаган өзбек аскер кызматкерлери баштагандыктарын билдирген болчу.

«Кыргыз аскер кызматкерлеринин мамлекеттик чек араны бузбоо жана көзөмөлдү мамлекеттик чек ара сызыгынан белгилүү бир алыстыкта жүргүзүү эскертүүлөрүнө жооп кылып Өзбекстандын чек ара күзөтү кыргыз аскерлерине карата ок чыгарган», — деп билдирген кыргыз Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Жаңжал болгондо эки өлкө ортосунда жолугушуулар болуп, Баткен облусунун аймактык чек ара башкармалыгынын өкүлү окуя үчүн кечирим сураган.

Бул 2015-жылы болгон кыргыз-өзбек чек арасындагы биринчи жаңжал.