Кыргызстанда улуттук суусундуктун бир нече түрү бар, алар өзгөчө жасалуу ыкмасы жана даамы жагынан айырмаланып турушат. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, суусундуктардын даамы ага кошулган азыктарга, жасалган жерине жана мезгилине көз каранды болот.

Жарма

Жарма — ысык күндөрү даярдалуучу кыргыздын сергитүүчү улуттук суусундугу. Кыргызстанда ал арпа же буудайдын талканынан даярдалат.

Иллюстрация катары жарманын жасалышынын сүрөттөрү пайдаланылат.

Биринчи кезекте казанга койдун тоң майын салып, эритүү керек.

Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин Kloop.kgге Кыргызстанда жарма жасалган аймагына жараша даамы жагынан бири-биринен айырмаланаарын айтты.

Анан ун кошулат.

«Мисалы, тоолуу Нарында жайдын өтө ысык күндөрү ачытылган суусундук жасап, аны максым деп аташат. Ал эми ачытылбаганын жарма деп айтышат», — деди ал. Тарыхчы жарма Кыргызстандын облустарында жайкы мезгилдеги ысык климатта ичилет деп эсептейт, мисалы, Чүй жана Жалал-Абад облустарында.

Ун кызарганга чейин куурулат.

Чоротегин компаниялар тарабынан өндүрүлүп жаткан жарма үй шартында жасалгандан айырмаланып турарын билдирди. Ал фабрикалык жарма даамы жагынан да башкача экенин айтты. «["Шоро" компаниясынын мурунку башчысы] Табылды Эгембердиев Кытайда жарма жасоо боюнча завод ачууга аракет кылган. Бирок ал даамы жагынан Кыргызстанда жасалгандан башкача болуп калган. Балким ал жердин суусу башкача болсо керек», — деди ал.

Андан соң суу кошулуп, ал кайнагандан кийин казанга талкан салынат.

Ысык-Көл облусунун жашоосунан жарма ачытуу ыкмасы:

  • Көрөңгө — 1 литр;
  • Талкан — 300 грамм;
  • Ун — 200 грамм;
  • Койдун тоң майы — 3 кашык;
  • Суу — 5 литр;
  • Туз — даамына жараша.

Индира Исабекова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында жашайт. Ал Kloop.kgнин кабарчысына жарма жасоо ыкмасы тууралуу айтып берди.

  1. Казанга койдун тоң майын салып эритүү;
  2. 100 грамм ун кошуп, ал кызарганга чейин кууруу;
  3. Казанга суу куюп, кайнатуу;
  4. Суу кайнагандан кийин талкан кошуу;
  5. Кайнатып, 20 мүнөт бою аралаштыруу;
  6. Андан соң казанды оттон алып, салкын жерге коюу;
  7. Суусундук муздак тартары менен ага көрөңгө, 50 грамм ун жана туз кошуу;
  8. Аралаштырып, жылуу жерге 10 саатка коюу.

«Кээ бирөөлөр жарманы буудайдан жасашат. Бирок арпанын талканынын даамы жеңил, жакшы көбүрөт. Ысыкта биз күнүнө 6-7 литрден жарма жасайбыз», — деди Исабекова.

20 мүнөт кайнатып, аралаштырабыз. Андан соң идишти салкын жерге алып барабыз. Казандагы суюктук муздак тарткандан кийин көрөңгө, ун жана даамына жараша туз кошулат.

Кымыз

Кымыз — бээнин сүтүнөн жасалуучу улуттук суусундук, негизинен ал ысык күндөрү ичилет. Байыркы замандан бери эле кымызды уйдун жана жылкынын терисинен даярдалган ышталган чаначта ачытып келишкен.

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегиндин айтымында, кымыздын даамы көптөгөн факторлорго — жылкылардын оттогон жери, жеген чөптөрү жана аймактагы аба ырайына көз каранды болот.

«Чоң Алай, Чаткал, Солтон-Сары же Суусамырдын тоолуу райондорундагы чөптөр дарылык касиети жагынан Альпы жайыттарынан кем калышпайт. Өрөөндөрдө жайылган бээлердин сүтүнөн жасалган кымызда андай касиеттер жок», — деди тарыхчы.

Жалал-Абад облусунун жашоочусунан кымыз жасоо ыкмасы:

  • Көрөңгө — 2 литр;
  • Бээнин сүтү — 10 литр;

Дадин Байсалбекова Жалал-Абад облусундагы Терек-Суу айылында жашайт жана жыл сайын жайында миң литрге жакын кымыз жасайт. Ал Kloop.kgге берген маегинде суусундукту жасоо ыкмасы менен бөлүштү.

  1. Көрөңгөнү ышталган чаначка куюу;
  2. Жаңы саалган бээнин сүтүн кошуу;
  3. Бишкектин жардамы менен чаначтагы сүттү 10-15 мүнөт бышуу;
  4. Андан соң чаначты жылуу жерге 8-10 саат коюу.

«Кымыздын эки түрү бар — бээнин жана уйдун сүтүнөн жасалганы. Бирок уйдун сүтүнөн жасалган кымыз бээникинен жасалган кымыздай кеңири жайыла элек», — деди ал.

Авторлору: Адина Осмонова, Адина Байсалбекова