Кыргыз абитуриенттери жергиликтүү жана чет элдик жогорку окуу жайларга документтери менен кирүү сынактарын тапшырып башташты. Kloop.kg окуу жайларга тапшырууга эмнелер талап кылына тургандыгы жөнүндө абитуриенттер үчүн маалымдама материал даярдады.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү июндун аягына чейин мамлекеттик сынактарды тапшырышып, бүтүрүү кечелеринен соң дароо эле жогорку окуу жайларга тапшырууга даярдыктарды көрүп башташат.

Жогорку билим алуу үчүн абитуриенттерде тандоо бар: контракттык жана бюджеттик орундары бар жергиликтүү же чет элдик жогорку окуу жайлар.

2015-жылы абитуриенттерди кабыл алуу үч айлампада жүргүзүлөт: 7-12-июль, 14-19-июль жана 21-26-июль күндөрү.

Жергиликтүү жогорку окуу жайлар

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 66 жогорку окуу жайы бар, аларда 220 миң студент билим алат.

Билим берүү министрлигинин алдындагы Профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукова Kloop.kgге берген маегинде абитуриент үчүн базалык кабыл алууда 6-7 документ талап кылына тургандыгын айтты.

Алар:

  • абитуриенттин арызы;
  • паспорт;
  • орто (толук) же орто профессионалдык билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ;
  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) алган упайлары көрсөтүлгөн сертификатынын түп нускасы;
  • убактылуу күбөлүк же аскердик билет (эркек балдар үчүн);
  • абитуриенттин ден соолугунун абалы тууралуу дарыгерлердин корутундусу жазылган № 086-У үлгүсүндөгү медициналык форма;
  • 3×4 көлөмүндөгү алты фотосүрөт.

Чубукованын айтымында, мамлекет 2015-жылы жогорку окуу жайларда 5700дөн бир аз ашыгыраак бюджеттик орундарды бөлгөн. Андан сырткары ал ар бир жогорку окуу жайы акысыз окутуу үчүн өзүнчө квоталарды бөлүштүрө тургандыгын кошумчалады.

Чубукова Кыргызстанда абитуриенттер тапшырып жаткан эң көп суроо-талапка ээ багыттар болуп айыл чарбасы, медицина, энергетика жана компьютердик технологиялар эсептелерин айтты.

«Эмгек рыногунда акыркы мезгилдерде салттуу түрдө педагогикалык адистиктер суроо-талапка ээ, өзгөчө орус тилдүү мектептер үчүн педагогдор көп керек, тилекке каршы ал мектептерде муктаждык өтө чоң», — деди ал.

Чет өлкөдө билим алуу

Абитуриент чет элдик жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн үч түрдүү мүмкүнчүлүктү пайдалана алат:

  • чет элдик жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча кеңеш берчү уюмдар;
  • Кыргызстан менен келишилген макулдашуулар боюнча чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жогорку окуу жайларынын квоталары;
  • өз күчү менен тапшыруу.

2000-жылдардын экинчи жарымынан тарта Кыргызстанда чет элдик жогорку окуу жайларга тапшыруу боюнча абитуриенттерге кеңеш берүү менен алектенген бир нече билим берүү уюмдары иштешет.

World of Education агенттигинин чет өлкөлөрдөгү билим берүү программаларынын менеджери Аида Исакованын айтымында, кыргыз абитуриенттеринде чет элдик ЖОЖдорго тапшыруу үчүн «мүмкүнчүлүктөр өтө чоң».

«Ал жакка мектепти жакшы же эң жакшы деген баалар менен аяктаган каалаган абитуриент тапшыра алат… [Аттестатында] үчтөрү аздар. Чет өлкөлүк окуу жайлардын 80 пайызында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары талап кылынбайт. Башкысы — англис тилин билүү жана мектептеги баалары жакшы болуусу керек», — деди Исакова.

Анын айтымында, чет элдик жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн төмөнкү документтер сөзсүз түрдө керек болот:

  • чет тилди билүү сертификаты (англис тили үчүн — IELTS же TOEFL*);
  • билим алгандыгы тууралуу аттестат (чет тилге которулуп, нотариустан ырасталышы керек;

Андан сырткары абитуриенттин кайсыл өлкөнүн окуу жайына тапшырып жаткандыгына көз каранды болгон документтердин бир нече топтому талап кылынат.

«Чексиз билим» аталышындагы дагы бир билим берүү уюму өзүнүн сайтына абитуриенттердин чет элдик ЖОЖдорго тапшыруусундагы уюмдун ролу төмөндөгүлөрдө экенин жазган: консалтинг, тапшыруу процессин көзөмөлдөө, академиялык документтерди текшерүү, окуу жайдагы маектешүүгө даярдоо.

Уюмдун маалыматтары боюнча, чет өлкөлүк ЖОЖго тапшырууга окуунун башталышына 9 ай калганда даярданып баштаса жакшы болот.

Билдирмени бүткөн түргө келтирүү үчүн «Чексиз билимде» талап кылынган документтердин топтому:

  • TOEFL, GRE же GMAT* боюнча эл аралык тастыктама — бардыгы тең абитуриент тапшыра турган багытка көз каранды болот;
  • мотивациялык кат;
  • сунуштама каты (эки же үч түрдүү адамдан же уюмдан);
  • резюме;
  • транскрипт (дипломдун же баалар коюлган көчүрмөнүн);
  • билдирме (негизинен онлайн жөнөтүлөт).

Ошондой эле Кыргызстан бир нече мамлекеттер аралык макулдашуулардын катышуучусу болуп эсептелет, аларга ылайык, кыргыз  абитуриенттери Орусия, Түркия, Беларусь же Казакстандын окуу жайларындагы бюджеттик орундарга талаптана алышат.

«Бир нече мамлекеттер менен биз кол койгон бир катар макулдашуулар бар, алар бюджеттик квоталарды беришет, иштин ал бөлүгү үчүн министрлик жооп берет», — деди Чубукова.

Ал ар бир абитуриент жалпы негиздер менен кайсыл гана өлкөгө болбосун өз алдынча тапшыра ала тургандыгын кошумчалады — аны сөзсүз түрдө министрлик аркылуу жасоо керек эмес.

Чет өлкөлөрдүн ЖОЖдоруна өз алдынча тапшырып жаткандар деле «Чексиз билим» уюмунда көрсөтүлгөн документтердин топтомун чогултушу керек болот, болгону абитурент анын бардыгын башка бирөөнүн жардамы жана кеңешисиз жасайт.

Шарттуу кыскартуулар боюнча маалымат:

*TOEFL — бул европалык же америкалык ЖОЖдорго тапшырууда зарыл болгон англис тилин билүү деңгээлин аныктоо үчүн тапшырылчу тест.

*IELTSбул жыйынтыгы Улуу Британия, Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШнын бир нече жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн талап кылынган англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу эл аралык баалоо системасы.

*GREбул магистратура жана аспирантурага тапшыруу үчүн талап кылынган англис тилин билүү деңгээлин аныктоочу стандартташтырыган тест.

*GMAT — бул англис тилин жазуу, аналитикалык, сандык жана оозеки текшерүүгө багытталган компьютердик тест. Ал менеджмент боюнча программаларга тапшыруу үчүн талап кылынат.

Авторлор: Умайым Абдыраманова жана Айзада Нурланова.