Кыргызстандагы курорттук мезгилдин башталышы алдында Kloop.kg Бишкектен өлкөнүн башкы туристтик аймагы эсептелген Ысык-Көлгө чейин жетип алууга мүмкүн болгон жолдорду сунуштайт.

Кыргызстанда жайкы туристтик мезгил июлда башталып, салттуу түрдө сентябрдын ортосуна чейин созулат. Kloop.kgнин редакциясы өлкөнүн «бермети» — Ысык-Көлгө чейин кандай жолдор менен барууга мүмкүн экенин териштирип, түшүндүрүүгө аракет кылат:

Учак

tamchy_25-1074x483

Баасы: 2800 сомдон 4000 сомго чейин (Ош — Тамчы)

Учуу убактысы: 45 мүнөт

Эң тез, бирок Ысык-Көлгө жетүүнүн анчалык жайылбаган жолу. Кыргызстандын бийлиги ушул жылы Тамчыдагы учуп-конуу тилкелеринин реконструкциясын аяктады. Эми ал аба майдан чоң-чөн учактарды — мисалы, «Боинг-737ни» же «Аэробус А320ны» кабыл ала алат.

Бийликтин маалыматы боюнча, июлдан тарта Новосибирсктен, Өзбекстандын борбору — Ташкенттен жана Кыргызстандын түштүк борбору — Оштон келүүчү аба каттамдар иштеп баштайт.

Азырынча чет өлкөлүк каттамдардын баалары белгисиз. Жүргүнчүлөр Оштон Тамчыга чейин орточо эсеп менен 2800 — 4000 сомдон учуп келе алышат.

Андан сырткары Кыргызстандын бийлиги расмий Алматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Бишкектен барчу аба каттамдардын ачылышын караштырууда.

Автоунаа

IMG_0626_1

Баасы: 480 сомдон 1408 сомго чейин

Убактысы: 2,5 саттан 5 саатка чейин

Бишкектен Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук шаарга — Чолпон-Атага чейин жеке автоунаа менен орточо саатына 80 чакырым ылдамдыкта 4 сааттын ичинде жетүүгө болот.

Кыймылдаткычынын көлөмү кичирээк унаалар үчүн орточо эсеп менен 15 литрден бир аз ашык бензин кетет (480 сомдон 660 сомго чейин), а орточо көлөмдөгү кыймылдаткычтуу автоунаага — 32 литрге чейин бензин талап кылынат (1024 сомдон 1408 сомго чейин).

Эгер жеке автоунааңыз жок болсо, такси жалдасаңыз болот — анын баасы унаанын түрүнө жараша болот, бирок такси айдоочулары негизинен бир киши үчүн 400-500 сом алышат.

Айдоочулардын айтымдарында, такси менен көл жээгине чейин 2,5 сааттан 5 саатка чейинки убакытта жетүүгө болот.

Өзүн Пётр деп тааныштырган айдоочу Kloop.kgге таксилер жүргүнчүлөрдү аялдамаларга таштап койбостон, пансионаттардын кире беришине чейин жеткирерин айтты.

«Биз кардарларды автобекеттен пансионаттын дарбазасына чейин тейлейбиз, эгер кардар башка эс алуу жайына баргысы келсе, анда биз каалаган пансионатына чейин жеткирип коебуз. Биз кардарларды таштабайбыз», — деди Пётр.

Поезд

8F9FA2DE-ED56-48B0-8F1C-E2DEB4FDD1BF_w974_n_s_s

Баасы: 70 сом

Убактысы: 4,5 саат

Ысык-Көлгө чейин поезд менен да жетип алууга болот. Бишкектен Балыкчыга чейин каттам жума, ишемби жана жекшемби күндөрү таңкы саат 6:40та кетет.

Билеттердин баасынын салыштырмалуу кымбат эмес экендиги андагы ыңгайлуулуктарга таасир этет.

Поезд Бишкектен Балыкчыга чейин 4,5 саат жүрөт.

Велосипед

20140626_105927-1024x5761-1024x483

Баасы: велосипедчинин тандоосуна жана даярдыгына жараша болот

Убактысы: орточо эсеп менен 12 саат

Ысык-Көлгө чейин жетүүнүн эң оор жолдорунун бири — бул велосипед менен баруу. «Кыргызстандын велокоомчулугунун» башчысы Искендер Алиевдин айтымында, атайын даярдыксыз Бишкектен Чолпон-Атага чейин жетүү «дээрлик мүмкүн эмес».

«Кеңеш — жакшы физикалык абал, жакшы тамактануу, суусундуктарды ичүү, велосипед жана аны пайдалануу тууралуу базалык нерселерди билүү. Эгер мунун бардыгын билбей турун чыгып алса, адамдын саламаттыгына зыяндар болушу мүмкүн. Жол коопсуздук эрежелерин да сактоо зарыл», — деди Алиев Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, Ысык-Көлгө чейин велосипед менен баруунун убактысы велосипедчинин даярдык деңгээлине жараша болот. Алиев көлгө велосипед менен баруу үчүн төмөндөгү нерселерди алып алуу жакшы болорун айтты:

  • велосипед оңдоо үчүн керектүү аспаптардын жыйындысы;
  • керек болуу ыктымалдыгы бар дары-дармектер;
  • суу;
  • тез сиңип, энергия берчү тамак-аш;
  • аба-ырайынын өзгөрүү ыктымалдыгын эске алуу менен мезгилге жараша кийимдер.

Велосипедчинин айтымында, жолго кетчү чыгымдар жүрүү маршрутуна көз каранды болот. Эгер Бишкектен Балыкчыга чейин гана барса, анда суу менен тамакка эле акча керек болот.

Алиевдин өзү велосипедчилерге Ысык-Көлгө поездде баруу кеңешин берет.

«[Ысык-Көлгө чейин велосипед менен] Жеттим. «Мен муну кылдым, колуман келди!» сезими. Жакшы жагы — моралдык канааттануу. Жаман жагы — чарчоо, бирок ал деле өтүп кетет да», — деди ал.

Маршруттук такси

Сүрөттүн автору: Malcolm Williams
Сүрөттүн автору: Malcolm Williams

Баасы: 280 сомдон 300 сомго чейин

Убактысы: 5 саат

Ысык-Көлгө жетүүнүн кыргызстандыктардын арасында эң кеңири жайылган жолу — маршруттук такси. Бир киши үчүн жол кире 280 сомдон 300 сомго чейинки сумманы түзөт.

Жолдогу убакыт — 5 саат.

Бишкектен Ысык-Көлгө маршруттук такси менен каалаган убакта чыгууга болот.

Автобус

Сүрөт: Olaf Koens
Сүрөт: Olaf Koens

Баасы: 165 сомдон 330 сомго чейин

Убактысы: 5 саат

Ысык-Көлгө чейин автобус менен да жетип алууга болот. Батыш автобекетинен алар кечинде гана — саат 21:00дөн 23:00гө чейинки аралыкта кетишет.

Каттамдын маршруту: Бишкек — Чолпон-Ата.

Жүрүү узактыгы 5 саатты түзөт. Билеттерди дароо эле авбекеттин кассасынан сатып алууга болот, алардын баасы 330 сомду түзөт. 10 жашка чейинки балдар үчүн 50 пайыздык арзандатуу бар — алар үчүн билет баасы 165 сом болот.

Авторлор: Жибек Кубаныч кызы жана Айсулуу Бердалиева

Башкы сүрөттүн автору: Vinicius Ribeiro