Президент айдоо жерлерге заводдор менен фабрикаларды курууга уруксат берген мыйзам долбооруна кол койду. Алгач документ сугат жерлерге спорттук борборлорду курууга уруксат катары каралып жаткан.

22-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы өлкө башчысы айдоо жерлеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө киргизилген мораторийге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактыргандыгын билдирди.

Мыйзам долбоорунун өзү аталган жер түрүндө ден соолукту чыңдоочу спорттук борборлорду курууга уруксат катары көрсөтүлгөн.

«Мыйзамда мораторий айдоо жерлерин ден соолукту чыңдоочу спорттук борборлорду курууга жана башка маанилүү максаттар үчүн которууга (трансформация кылууга) тыюу салбай тургандыгы айтылган» — деп жазылган президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бирок мыйзам долбоорунун акыркы версиясын окуп чыгууда Kloop.kgнин кабарчылары анда сугат айдоо жерлеринде «дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборлорун» гана эмес, а «өнөр жай объектилерин» дагы курууга уруксат берилгендигин аныктап чыгышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Майрамбек Расулов Kloop.kgге берген маегинде кеп спорттук борборлор тууралуу гана эмес, а «заводдор менен фабрикалар» тууралуу да болуп жатканын ырастады.

Анын айтымында, ал өнөр жай объектилери мамлекеттин менчигинде болушу керек. Мыйзам долбоорунун текстинин өзүндө ал заводдордун кимдин менчигинде болушу керектиги тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

«Мораторий айдоо жерлерин индустриалдык-логистикалык борборлорунун, өнөр жай объектилеринин курулушу үчүн которууга (трансформация кылууга) тыюу салбайт» — деп жазылган мыйзамдын акыркы редакциясында.

Агрардык саясат боюнча парламенттик комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Абдимуталип Кочкорбаев дагы мыйзам долбоору айдоо жерлеринде заводдор менен фабрикаларды курууга дагы тиешелүү экендигин Kloop.kgге ырастады.

«Биздин өнөр жай өндүрүшүн колдогубуз келүүдө. Өнөр жай өндүрүшү, күнөскана чарбасын колдоо үчүн макул болуп, добуш бердик», — деди депутат.

Кочкорбаев айдоо жерлерине заводдор менен фабрикаларды курууга кимге уруксат берилгендиги эсинде жок экенин кошумчалады. Парламентарий маалыматты тактоо үчүн ага кийинчерээк телефон чалуубузду өтүндү.

Алгачкы идеяга ылайык, мыйзам долбоору «Газпром — Кыргызстан» компаниясынын өлкөнүн аймагында бир нече спорттук борборлорду куруусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун биринчи редакциясына карата жазылган негиздеме-маалымкатта «Газпром» Бишкекте, Таласта, Чолпон-Атада жана Кара-Сууда төрт спорттук борбор курушу керек болгон.

«[…] «Газпром — балдарга» программасынын алкагында «Газпром» ААКсынын Кыргызстандын аймактарындагы балдардын спорттук ден соолукту чыңдоо борборлорунун курулушун каржылоосу тууралуу макулдашуу жетишилген. Аны менен катар жогорудагы борборлордун курулушу аяктагандан кийин аларды кайтарымсыз түрдө муниципалдык менчикке берүү болжолдонууда», — деп жазылган документте.

Сугат айдоо жерлерине курулуш жүргүзүүгө мораторий 2009-жылы киргизилген.

Ага ылайык, айыл чарбасына арналган айдоо жерлерине көрүстөн, мектеп, оорукана, аскердик объектилер жана аба майдандардын аянтчаларынан башка объектилерди курууга болбойт.

Автор: Метин Джумагулов.