Парламент депутаттары «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун кийинки аптадагы добуш берүүгө жөнөтүштү. Депутаттарда документтин демилгечилерине карата эч кандай суроолор болгон жок.

Парламент «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» багытталган мыйзам долбоорун талкуулабастан эле дароо добуш берүүгө жөнөтүштү. Добуш берүү Жогорку Кеңештин кийинки жыйынында өтөт.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору 19-июндагы жыйындын күн тартибинде 16 болуп турган, бирок депутаттар документти кароого жыйындын соңунда гана киришишти. Жыйындын негизги бөлүгү 2015-жылкы бюджеттин долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулоого, ошондой эле Улуттук банктын отчетун угууга кетти.

2015-жылкы республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөрдүн талкууланышы жана Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун отчету:

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев 14-июнда Бишкекте өткөн гейлерге каршы митингдин жүрүшүндө акт парламент тарабынан июлдагы жайкы эс алууларга чейин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алына тургандыгын билдирген.

«Биз бул мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек деп ишенимдүү айткым келүүдө. Биз аны кабыл алабыз. Биринчи окуудан өткөн. Эмки аптада, жайкы эс алууга чейин экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алабыз, анткени биз пропагандага каршыбыз», — деп билдирди парламентарий.

Документ биринчи окууда 2014-жылдын октябрында кабыл алынган — анда жыйынга катышкан 86 депутаттын 79у мыйзам долбоорунун кабыл алынышын колдошкон. Депутаттардын айырмдары документтеги терминдердин «субъективдүү» экендигин билдиришкен.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салган» акт 2014-жылдын жазында демилгеленген.

Ага ылайык, эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Мыйзамдын авторлору дээрлик бир жылга жакын «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине аныктама бере алышкан эмес жана 2015-жылдын февралында гана алар документтин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизишкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, алар жогорудагы терминди «бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашка баруусу жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштар» деп түшүнүшөт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Мыйзам долбоору эл аралык уюмдар менен башка өлкөлөрдүн сын-пикирлерин жараткан. Европалык парламенттин депутаттары ушул жылдын 15-январында кыргыз парламентарийлерин мыйзам долбоорун чакырып алууга чакырышкан.

«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөр дагы кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун чакырып алууга жана аны кароону токтотууга чакырышкан.

Бирок документтин демилгечилери аны чакырып алуудан баш тартышып, Европарламент менен БУУнун Кеңешинин сын-пикирлерин — «Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү» деп аташкан.

Жергиликтүү укук коргоо уюмдары мыйзам долбоорун «басмырлоочу» мыйзам долбоору деп атап келишет.