Өз карьерасында «Властелин колец» трилогиясындагы Сарума менен Дракуланын ролун аткарган актёр Кристофер Ли 93 жаш курагында көз жумду.

Кристофер Ли 7-июнда каза болгон, бирок коомчулук ал жөнүндө бүгүн гана билди. Жубайынын өтүнүчү менен актердун көз жумгандыгы тууралуу жаңылык бир нече күндөн кийин гана жарыяланган.

Актёр акыркы үч аптадан бери дарыланып жаткан Лондондогу ооруканалардын биринде каза болгон. Анын дем алуусу начарлап, жүрөк оорусу менен жабыркаган.

Кристофер Ли өз карьерасында 250дөн ашык роль аткарган. Алардын эң белгилүүлөрү — «Властелин колец» тасмасындагы Сарумандын жана «Звездные войны» тасмасындагы Дракула менен граф Дукунун ролдору. Актерго белгилүүлүктү 1957-жылы аткарган Франкенштейндин образы алып келген.

3-hobbit_saruman-1024x627

Актерлукка чейин Кристофер Ли аскердик кызматта болгон. Ал Советтер союзу менен Финляндия согушуна жана Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан. Ошондой эле Ли музыкага кызыкчу, ал жалпысынан метал жанрында үч альбом чыгарган.

Кристофер Ли 1922-жылы Лондондо туулган. Ал 50 жылдан ашык мурунку модель Биргит Крёнке менен жашаган, 1963-жылы алар Кристина Эрика аттуу кыздуу болушкан. Актер 2009-жылы драмалык искусство тармагына сиңирген эмгеги үчүн рыцардык наам алган.