8-июнь күнү кечиндеги катуу шамал Бишкектеги, Чүй жана Талас облустарындагы инфраструктуранын бузулушуна себеп болду. Жыйынтыгында эки адам каза болду — 13 жашар кыз менен 74 жаштагы улгайган киши. Борбордо шамалдан ондогон бактар кулап, 10дон ашык автоунаа талкаланган, а кээ бир райондордо азыркыга чейин электр жарыгы жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы катуу шамалдан улам Чүй облусунун Аламүдүн районунда кулаган бак 13 жашар кызды басып калгандыгын кабарлады — алган жараттарынан улам кыз шаардык ооруканада көз жумган.

Кийинчерээк басма сөз кызматы дагы бир адам каза болгондугун билдирди — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылынын 74 жаштагы улгайган тургунун дагы шамалдан улам кулаган бак басып калган.

11210489_901903546534936_1065192062247185553_n

Катуу шамал 8-июнь күнү кечинде саат 20:00дордо башталган — Гидрометборбордун маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27 метрге чейин жеткен.

11425147_502525729896673_7519024224715461984_n

Бишкекте жарнамалык такталар, ондогон бактар кулады, алардын кээ бирлери электр берүү линияларын үзүшкөн. Жыйынтыгында борбордун чыгыш, борбордук жана түштүк райондору жарыксыз калышкан.

11390354_865279753551646_7687009501130997815_n

«Түндүк электрдин» басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкектин төмөнкү райондору электр жарыгысыз калышкан:

  • Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш бөлүгү;
  • Эне-Сай конушунун түндүк бөлүгү;
  • Кара-Жыгач конушунун чыгыш бөлүгү;
  • Көлмө, Ынтымак, Дордой-2, Ак-Бата, Бакай-Ата конуштары;
  • Бишкектин батыш жана түндүк-батыш бөлүктөрү;
  • Исхак Раззаков атындагы КТМУнун жана эски аба майдандын аймагы;
  • Бишкектин түндүк-чыгыш бөлүгү;
  • Туңгуч кичи району.

jpg1 (4)

ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, катуу шамалдын кесепеттери Кара-Балта шаарында жана Талас облусунда катталган. Кара-Балта электр жарыгысыз калса, Талас облусунда турак-үйлөр жана мектептер зыянга учураган — бороон 400 чарчы метрден ашык чатырды учуруп кеткен.

10301932_865279673551654_5118388481407030171_n-e1433825396437

Катуу шамалдын кесепеттери менен күрөшүп жана келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жеке курамы толугу менен күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

11390279_865279703551651_2847672903746846288_n

Бишкек мэриясы 8-июндан 9-июнга караган түнү эртең мененкиге чейин катуу шамалдын кесепеттери менен күрөштү — ал үчүн шаардык кызматтар 50 жүк унаасын бөлүшкөн, алар борбордогу таштандыларды, кулаган бактарды жана алардын бутактарын ташуу менен алектенишкен.

11392870_807710465979827_6451081057579429836_n