Бишкекте Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери дыйкандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жумушсуздарга, камактагыларга, жалгыз бой аялдарга жардам берүү боюнча социалдык багыттагы өз бизнес-долбоорлорун көрсөтүшөт.

Долбоорлор Enactus программасынын Улуттук мелдешинде көрсөтүлөт. Enactus — жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн ишкердикти пайдаланган студенттердин, академиялык жана бизнес-лидерлердин топтору.

Мелдештин өзү 23-майда Бишкекте өтөт. Анда Кыргызстандын тогуз жогорку окуу жайынан куралган командалар кыргызстандыктар менен калктын аялуу катмарынын жашоосун жакшыртууга жардам берчү 15тен ашык социалдык багыттагы долбоорлорду көрсөтүшөт.

Иш-чаранын маалыматтык өнөктөшү болуп эсептелген Kloop.kgнин редакциясы окурмандарын андагы эң кызыктуу он долбоор менен тааныштырат.

Fancy Art долбоору

IMG_3689_1-960x483

Долбоордун командасы: Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: өзүн дайыма буйрутмалар менен камсыз кыла албаган сүрөтчүлөр;

Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери сүрөтчүлөрдү каржы сабаттуулукка жана онлайн-сатууларды жүргүзүүгө үйрөтүшүп, алгачкы буйрутмаларды иштеп чыгууларына жардам беришкен. Команданын мүчөлөрүнүн айтымдарында, алардын долбоору сүрөтчүлөрдүн акча иштеп табуусуна гана эмес, ошондой эле кыргызстандыктардын арасында маданиятты өнүктүрүүгө жардам берет.

Teenagers in Free Enterprise (TIFE) долбоору

2014-04-21_23-10-28_531112

Долбоордун командасы: Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: Бишкектин 10 мектебинин окуучулары;

Студенттер мектеп окуучуларына бизнес жүргүзүүнүн негиздерин өздөштүрүүгө жардам беришип, алардын жөндөмдүүлүктөрүн арттырып, ишти пландоого үйрөтүшөт. Окутуулардын жүрүшүндө мектеп окуучулары өз бизнес-пландарын иштеп чыгуулары керек болот, андан соң алардын мыктылары каржылык колдоого ээ болуп, ишке ашырылат.

Угуусунда көйгөйлөрү бар адамдарга жардам

1419600244_img_0519

Долбоордун командасы: Бишкек Каржы-экономикалык академиясынын студенттери;

Максаттуу аудиториясы: угуусунда көйгөйлөр бар адамдар;

Бул долбоордун командасы оюнчуктарды тигүү боюнча кичи-цех ачууга жардам беришкен. Ал цехке угуусу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген 15 адам жумушка орноштурулган. Долбоор физикалык жактан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдашуусуна жардам берген.

«Теңчилик» долбоору

IMG_1313-kopiya-960x483

Долбоордун командасы: Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун студенттери;

Максаттуу аудиториясы: үй-жайсыз адамдар;

Команда үй-жайсыз адамдардын социалдашуусуна жардам берип, алар үчүн жумушчу орундарын таап беришкен. Команда мүчөлөрүнүн айтымдарында, учурда төрт адам жумушка орношуп, жашап туруу жайларына ээ. Студенттер максатуу аудиториясына документтерин калыбына келтирүүгө көмөктөшүшүп, аларга жумуш издөө боюнча окутууларды өткөрүшкөн.

«Киноа» долбоору

6672474921_736bc3ce79_b

Долбоордун командасы: Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун студенттери;

Максаттуу аудиториясы: бош жерлери бар дыйкандар;

Киноа же кинва —  Түштүк Америкада жайылган дан өсүмдүгү. Команда киноаны сатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын жети облусуна тең эккен.

Freelife долбоору

383407836

Долбоордун командасы: Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери;

Максаттуу аудиториясы: камактагылар жана абактан чыккандар;

Долбоордун командасы жаза өтөө жайларында өндүрүлгөн продукцияларды сатуу менен камактагылардын акча иштеп табуусунун механизмин жолго салган. Андан сырткары студенттер абактан чыккан адамдардын социалдашуусуна жана документтерин бир түргө келтиришине жардам беришкен.

«Агробизнес» долбоору

Teplitsy-28

Долбоордун командасы: Кыргыз-орус славян университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: күнөскана бизнесин ишке ашырууга кызыккан адамдар;

Команда фермерлерге аз чыгымдуу күнөсканаларды куруу үлгүсүн берип, аларга өсүмдүктөрдү натыйжалуу өстүрүү технологиясын көрсөтүшкөн. Долбоордун авторлорунун сугуштарын эске алуу менен фермерлер өз алдынча өзүлөрү өндүргөн продукцияны жергиликтүү базарларда сатып өткөрүп жатышат.

«Киндер-клубдар» долбоору

IMG_0737-1074x483

Долбоордун командасы: Кыргыз-орус славян университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: жаңы конуштардын жашоочулары;

Студенттер Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда бала бакчанын альтернативалуу үлгүлөрүн — «Киндер-клубдарды» — түзүшүп, анда жумушсуз аялдарды орноштурууга жардам беришкен. Долбоордун командасынын курамындагылардын айтымдарында, бул үлгү жаңы конуштарда мектепке чейинки билим берүү үчүн шарттарды түзөт.

«Күн мештери» долбоору

1360012810_3

Долбоордун командасы: Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: тоолуу райондор менен жаңы конуштардын электр энергиясына жетүү мүмкүнчүлүгу жок жашоочулары;

Команда жаңы конуштардан 10 үй-бүлөнү колдо бар нерселер менен күн мештерин жасоого үйрөткөн. Долбоор электр жарыгын үнөмдөөгө жана экологияны түтүн менен булгабоого жардам берет.

«Жалгыз бой аялдар» долбоору

d542414d4e0888e9fe13d780f9683149

Долбоордун командасы: Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенттери;

Максаттуу аудиториясы: тигүү жөндөмдүүлүгүнө ээ бирок балдарын калтырууга эч ким жок болгондуктан иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок жалгыз бой аялдар.

Команда жалгыз бой аялдардын тобун түзүп, алардын каржы сабаттуулугун жоюп, алардын жумушка орношуусуна жардам берген. Долбоордун идеясы боюнча, топтогу аялдардын бир бөлүгү жумушта иштеп жүргөн кезде калгандары балдарды карап калышат.

Урматтуу окурмандар, сиздер долбоорлордун кайсынысын колдойт элеңиздер? Дагы эмне сунуштайт элеңиздер? Өз пикириңиздер менен суроолорго жоопторуңуздарды калтырыңыздар.