«Лабрис» укук коргоо уюму «Кырк чоро» жана «Калыс» кыймылдарынын активисттери тарабынан 17-майда Гомофобияга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган иш-чара кантип үзгүлтүккө учуратылгандыгы тартылган видеону жарыялады.  

Иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу 17-майда, Бишкектеги кафелердин биринде болгон. Анда «Лабристин» укук коргоочулары Эл аралык гомофобия менен трансфобияга каршы күрөшүү күнүн майрамдап жатышкан.

Жарыяланган видеодо «Калыстын» же «Кырк чоронун» активисттеринин бири кафенин тосмосунан ашып өтүп, белгисиз бир күбөлүктү көрсөтүү менен иш-чаранын катышуучуларын жазалай тургандыгын айтып коркуткандыгы тартылган.

Андан соң кадрлар алмашып, анда активисттердин тосмонун дарбазасы аркылуу кирип, укук коргоочулардын эмне менен алек болуп жаткандыктарын сурап баштагандыктары көрүнүп турат.

«Лабристин» өкүлдөрүнүн айтымдарында, «калысчылар» кулпуну сындырышып, андан соң мушташ чыгып кеткен, жыйынтыгында анын катышуучуларынын биринин денеси зыянга учураган.

«ЛГБТ-активисттер «Калыс» менен «Кырк Чоронун» өкүлдөрүн кафенин аймагынан чыгып кетүүлөрүн өтүнүшүп, алардын бул аракеттери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандыгын айтышкан. Жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдү сыртта, кафенин дарбазасынын жанында улантуу боюнча макулдашууга жетишүүгө мүмкүн болду», — деп жазылган укук коргоо уюмунун сайтында.

«Калыс» жана «Кырк чоро» кыймылдарынын өкүлдөрү өз аракеттерин «иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу» деп аташкан — бирок айтымдарында, ал аракеттери «маданияттуу» болгон.

«Кыргыз жаштар эл кеңеши» кыймылынын өкүлү Алмазбек Жазыбаев Kloop.kgге берген маегинде активисттер «иш-чараны кандай жол менен болсо да токтотууну» каалагандыктарын билдирген. Айтымында, алар иш-чара тууралуу «такси айдоочусунан» угушкан.

«Биздин тааныштарыбыздын бирине такси айдаган байке телефон чалып, гейлерге окшогон эки киши бул жакка келгендигин жана анда салтанаттуу иш-чара болуп жатканын айткан», — деген ал.

Окуядан кийин «Лабрис» менен «Калыстын» өкүлдөрү жети саат бою Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө көрсөтмө беришкен. «Лабристин» кызматкерлери алар тараптан жазылган түшүнүк каттар жеке маалыматтары менен кошо «Калыстын» өкүлдөрүнө берилип жаткандыгына даттанышкан.

Укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, кол салгандарга карата «бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Гей-активисттерге кол салуу парламентте «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун каралып жатышынын фонунда болууда. Укук коргоочулардын кескин сынына кабылган ал мыйзам долбоору парламенттеги үч окуунун биринчисинде кабыл алынган.

Сынчылар ал мыйзам долбоорун «басмырлоочу» жана гейлер менен лесбияндарга карата зомбулук кылууга көкүткөн мыйзам долбоору деп атап келишет.

Кыргызстанда гомосексуалдуулук 90-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.