Советтик учкучтар кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев менен аткыч-радист Алексей Ткачев 1944-жылы немис колоннасын кыйратуу маалында курман болушкан. Бул эрдиги үчүн Таранчиев Советтер Союзунун баатыры жана Ленин ордени менен сыйланган, а Ткачев болсо сыйлыксыз калган. Таранчиевдин туугандары менен жердештери орус бийлигинен Ткачевду «каалаган бир наам» менен сыйлоону өтүнүп жатышат.

Таранчиев туулуп өскөн Беш-Күңгөй айылынын жашоочусу Амангелди Бекешев Kloop.kgге берген маегинде 2011-жылы Ткачевго мааниси жагынан Советтер Союзунун баатырына тең келгендей наам ыйгаруу өтүнүчү менен орус бийлигине кат жөнөткөндүгүн билдирди.

Сыйлыктар тууралуу документтерге ылайык, 1944-жылдын мартында Ысмайылбек Таранчиев менен Алексей Ткачев немис аскерлери тарабынан талкаланган Эстониянын аймагы аркылуу өтүшкөн. Анда экипаждын эки мүчөсү тең учактан секирип кетпестен, аны душмандын танктары менен күйүүчү май ташыган унааларынын колоннасын көздөй багытташкан.

Таранчиев бул эрдиги үчүн советтик бийлик тарабынан Советтер Союзунун баатыры наамы жана Ленин ордени менен сыйланган.

Ткачев тууралуу дээрлик эч нерсе белгисиз — болгону туулган жылы жана Орусиянын Смоленск облусундагы балдар үйүндө тарбиялангандыгы гана белгилүү. Андан сырткары Таранчиев менен бирге түшкөн сүрөтү бар. Аны Таранчиев фронтто жүргөндө ата-энесине жөнөткөн экен.

Бекешевдин айтымында, Ысмайылбек Таранчиевдин «эки ордени бар», а  Алексей Ткачевдо «бирөө да жок».

«Биз ага Орусиянын баатырдыгын берсин дебей элебиз. Алгач ага мааниси жагынан Советтер Союзунун баатырына тең келгендей наам берилсе деп өтүнгөнбүз, азыр болсо жок дегенде эстелигинде көрсөтүү үчүн кандай болсо да сыйлык ыйгарышса деп өтүнүп жатабыз», —  деди ал.

Тарачиевдин туугандарынын бири Жекшембай Мамбеталиев Ткачевго «адилетсиз мамиле кылып коюшкан» деп эсептейт, ошондуктан ал тууганынын согуштагы шеригин өлгөндөн кийин наам менен сыйланышын каалап жатат.

«Мында кандайдыр бир адилетсиздик болууда. Таранчиев баатыр наамын алган, а аны менен бирге жүргөн шериги — эч нерсе алган эмес», — деп билдирди ал.

Мамбеталиев Ткачев туулуп өскөн Смоленск облусунун губернаторуна кат жөнөткөн, бирок дагы деле жооп ала элек.

«Алар бирге курман болушкан: чогуу кулап, чогуу күйүшкөн. Алексей бир нерсе алышы керек», — деди Таранчиевдин тууганы Суракан Мамбеталиева.

Авторлор: Алтынай Джалмамбетова жана Владимир Цай.