Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышып жаткан кыргызстандыктардын көбү түштүк облустардын жашоочулары болуп эсептелишет, деп билдиришти Ички иштер министрлигинен. Жалпысынан кагылышуулар болуп жаткан аймакта Кыргызстандын 350дөн ашык жараны бар.

ИИМдин экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жаткан 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев жалдануучу катары согуш болуп жаткан өлкөлөргө кетип жаткан кыргызстандыктардын жарымынан көбү Кыргызстандын түштүгүндө жашай тургандыктарын билдирди.

Анын айтымында, алар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары. Баарынан да Сирияга Ош облусунан көп кетип жатышат — 352 кишинин 137си. Баарынан азы — Талас облусунан, ал жактан согуш болуп жаткан аймакка бир киши кеткен.

«Бул жарандарыбыздын дин жактан сабатсыздыгы. Алар башка агымдарга, экстремисттик каналдарга тартылып жатышат», — деди ал.

Мамбеталиев экстремизм менен натыйжалуу күрөшүү үчүн аймактардагы милиция кызматкерлеринин өзүлөрүнө диний билим жетишпей жатканын айтты.

«Биз методикалык жана практикалык жардамдарды көрсөтүп жатабыз, биздин арабызда дин жана идеология боюнча билими жетишпеген кызматкерлер бар. Алардын билимин жогорулатуу боюнча бир катар эксперт-теологдор менен иш алып барып жатабыз», — деди Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын башчысы.

Мамбеталиевдин түштүк облустар боюнча орун басары Райим Салимов ушул жылдын башталышынан бери Кыргызстанда «жалдануучулукка байланышкан 93 факт» аныкталгандыгын айтты.

«Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, өтө көп адам суракка алынды. Алардын арасында дин кызматкерлери, ошондой эле жарандарбыздын согуш болуп жаткан өлкөлөргө мыйзамсыз чыгып кетүүсү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген юридикалык компаниялар дагы бар», — деди ал.

Автор: Алтынай Джалмамбетова

Видео: Владимир Цай