Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Кыргызстандын бийлигин өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча протоколдорго «логикага туура келбеген» өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетине айыптады.

Орусиянын маалымат каражаттары өлкө президенти Владимир Путиндин сырткы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме жасоо менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) киришинде «практикалык кыйынчылыктар пайда болгондугун» билдирип жатышат.

Ушаковдун айтымында, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 8-майдагы жыйынында Кыргызстандын ЕАЭБге кириши «башкы тема» болот.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш — курамына интеграциялык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары кирген ЕАЭБдин жетектөөчү органы.

«Мартта Кыргызстан буга чейин макулдашылган өкмөттөр аралык деңгээлдеги протоколдорду ачып, Биримдиктин катышуучулары үчүн логикага туура келбеген сыяктуу көрүнгөн бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Мындан улам Кыргызстандын кошулуусу сөзсүз түрдө талкууланат», -- деп жазган ТАСС маалымат агенттиги Ушаковдун айткандарын.

8-майдагы жыйында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн ЕАЭБге кириши боюнча акыркы документтерге кол коюшу болжолдонууда. Кыргыз өкмөтү протоколдордун долбоорлорун 5-майдагы жыйынында жактырган.

Атамбаев ЕАЭБдин Жогорку кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага учуп кеткен.

6-майда президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаков алдыдагы жыйында Кыргызстандан Евразиялык биримдиктин өлкөлөрүнө айыл-чарба азыктарын экспорттоо жана сатуу маселелери талкуулана тургандыгын билдирген.

«Эки маселе терең талкууга алынат: бул эл аралык келишимдер боюнча, тактап айтканда, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө эмес белгилүү бир  өлкөлөр менен болгон макулдашуулары боюнча. Экинчиси, бул Кыргызстандан ЕАЭБдин аймагына ташыла турган айыл-чарба азыктарына байланышкан маселе», — деп жазган эл аралык «Рейтерс» маалымат агенттиги Исаковдун айткандарын.

Биримдикке кирүү кечеңдөөдө

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кириши тууралуу макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон — анда ал өлкө 2015-жылдын майынын башында биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.

8-майдагы жыйында Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши боюнча акыркы протоколдорго кол коюп, Кыргызстан менен биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы бажы чек араларынын жоюлары пландалып жаткан.

Бирок апрелдин аягында жаңы премьер-министр Темир Сариев Москвада протоколдорго кол коюлгандан кийин алардын кыргыз парламентинде ратификацияланышы керектигинен улам Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү кечеңдеп жаткандыгын билдирген.

«Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши боюнча өкмөт так позицияга ээ: Кыргызстан ЕАЭБге кирет. Мындай чечим 23-декабрда, тиешелүү макулдашууга кол коюлгандан кийин кабыл алынган. Башка эч кандай саясий оюн жок.  Президент дагы, төрага дагы, өкмөт дагы чечимдердин бардыгы тең Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынышы керек деген бир пикирде», — деп билдирген анда ал.

ЕАЭБге кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши тууралуу макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. Үч жылдан кийин, 2014-жылдын майында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кириши боюнча Жол картасын жактырышкан.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, андагы өлкө башчылары менен жолугуп, бизнес-форумдарга катышкан. Анда ал европалык ишкерлерге Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» болуп бериши мүмкүндүгүн айтып, аларды өлкөгө инвестиция салууга чакырган.