Жакында эле Twitter социалдык түйүнүнүн кварталдык отчету чыгарылды: компаниянын чыгашалары өсүп, жаңы колдонуучулар күтүлгөндөй көп эмес, анчалык каалабастан эле кошулууда. Бирок компаниянын бул абалдан чыгуу боюнча планы бар, Kloop.kgнин кабарчысы Азамат Өмүралиев социалдык түйүнгө 500 миллион долларга сервис сатып алуусу жана жаңы үй барагы кандайча жардам бере ала тургандыгын түшүндүрүүгө аракет кылды.

2015-жылдын биринчи кварталы үчүн чыгарылган отчету жарыялангандан кийин Twitterдин акциялары 18 пайызга арзандаган, бирок көп өтпөй турукташып, арзандоосу болгону 2 гана пайызды түздү. Алгач начар көрсөткүчтөр инвесторлорду кооптонтту — социалдык түйүндүн кирешеси күтүлгөндөй 460 миллион доллар эмес, а болгону 436 миллион гана долларды түзгөн, Twitterдин таза чыгашасы 23 пайызга өсүп, 162 миллион доллардан ашык каражатты түзгөн. Анткен менен отчетто позитивдүү да фактылар бар болгон: компаниянын жарнамалык кирешеси 74 пайызга өсүп, жылдын биринчи кварталында 388 миллион долларды түзгөн. Google менен түзүлгөн жаңы келишим менен бирге бул инвесторлордун ишеничин кайтарган өңдүү.

Эми компаниянын кирешелеринин дээрлик бардыгын жарнамадан түшкөн акчалай пайда түзөт жана Twitter ал кирешелердин көбөйүшү үчүн болгон аракетин көрүүдө. Жакында эле социалдык түйүн Google менен өнөктөштүгү тууралуу билдирди: эми жарнамалык твиттер «Гуглдун»  DoubleClick платформасы аркылуу сатылат. Googleдун аталган платформасынын чоң артыкчылыгы — аябагандай чоң кардар базасы бар. Бул Twitterге жарнамадан түшкөн акчалай пайданын көлөмүнүн өсүүсүнө гана жардам берет.

Атаандаш социалдык түйүн эсептелген Facebook туруктуу негизде жарнамадан абдан чоң акчаларды жасоодо: ал 2015-жылдын көрсөтүлгөн кварталында жарнамадан эле 3.35 миллиард доллар чогулткан. YouTubeдун көрсөткүчтөрү анчалык жогору эмес, бирок ал чыгашасыз — кирешеси дагы, чыгашасы дагы көбөйбөй бир калыпта.

Twitterдин болсо жылдан жылга чыгашасы көбөйүүдө, өз кезегинде бул социалдык түйүндүн жакында жабыла тургандыгы жөнүндөгү имиштердин чыгуусунун себептеринин бири болуп келүүдө. Көйгөй эмнеде, эмне себептен Twitter аз эмес колдонуучулук базасы менен (300 миллиондон ашык колдонуучу) чоң ийгиликтерге жетишпей эле?

Иштин бардыгы анын форматында. Эгер Facebook колдонуучуларынын жүрүш-турушун ийгиликтүү анализдеп, көптөгөн анчалык чоң эмес билдирүүлөрдөн, графикалык жана тексттик блоктон турган жарнамаларды сата алса (анын «Жаңылыктар лентасы» акырындык менен өзүнүн кичинекей Интернетине айланат), а YouTube видеохостингде каттоодон өтпөгөн адамдарга да жарнамалык билдирүү көрсөтө алат. Twitter болсо өзүнүн репортаждык форматы менен уттурууга учурап келет.

Twitterдеги 140 символ — болушунча кыска жана эң маанилүүсүн жазууга кызыктырган жалгыз чектөөчү. Бирок бир четинен ал 140 символ көпчүлүк учурда толук аяктаган ойду берүүгө аздык кылат, мындан улам жазылган твиттердин басымдуу көпчүлүгүндө башка сайттарга кетчү шилтемелер бар болот. Ошентип Twitterдин колдонуучусу дайыма башка ресурстарга өтүп турат, Facebookта колдонуучулар башка ресурстарга кыйла аз өтүшсө, YouTubeда таптакыр өтүшпөйт.

Социалдык түйүнгө чоң эмес билдирүүлөрдөн, графикалык жана тексттик блоктон турган жарнамаларды сатуу дагы оор, анткени Twitterде колдонуучу учу-кыйыры жок жазылган твиттерди гана окуйт: анда топтор дагы, колдонмолор дагы жок, а колдонуучулар болсо ким экендигин так көрсөтүшпөйт (Twitterде эч ким иш ордун, үй-бүлөлүк абалын көрсөтүүнү талап кылбайт).

Компанияны аксаткан дагы бир нерсеси — бул баары бир ар дайым түрдүү сайттарга коюлган твиттерди (мисалы, төмөндөгүдөй) көрө алган катталбаган колдонуучулардын көптүгү.

Бирок андай колдонуучуларга жарнаманы кантип сатуу керек — бул дагы өзүнчө суроо жаратат. Apple (жарнамаларды колдонмолор аркылуу сатып жаткан) менен Google компаниясында (жарнаманы Google Ads аркылуу сатып жаткан) ал чечим бар, Twitter дагы өз концепциясын сунушташы керек.

Алар учурда дал ушунун үстүндө иштеп жатышкандай. Twitter 500 миллион АКШ долларына  TellApart жарнамалык сервисин сатып алганы жатат. Ал сервис колдонуучулардын интернеттеги жүрүш-турушун анализдеп, атайын багытталган жарнамалык өнөктүктөрдү ишке ашырган түрдүү компаниялар менен кызматташат.

Социалдык түйүн TellApartты дал ушул механизм үчүн сатып алганы жатса керек: мындай анализде катталбаган колдонуучулардын дагы  Twitterдеги жарнамалык мүмкүнчүлүктөрү кыйла көбөйөт.

Бирок бул  — өтө узак жана кооптуу жол. Ошентсе да Twitterдин башкы чектөөчүсү болуп жанагыл 140 символ эсептелет, бирок аларсыз социалдык түйүн өз маанисин таптакыр эле жоготуп коет.

Twitterге жаңы жарнамалык үлгүлөрдү гана түзбөстөн, кеңейиши дагы керек. 300 миллион колдонуучу — бул өтө жакшы, бирок ал көрсөткүч Facebookтун колдонуучуларынан дээрлик беш эсеге аз . Twitterдин бул көйгөйүн катталбаган колдонуучулар үчүн атайын баракчанын түзүлүшү чечиши мүмкүн.

150414_FT_twitter_homepage_2.png.CROP_.original-original

Ал чынында социалдык түйүн эмес, а ЖМК болот:  каалаган адам басканда жеткиликтүү болчу өзүнчө рубрикалар боюнча чогулган твиттер менен тренддер болот.

Кантсе да аны убакыт гана көрсөтөт. TellApartты сатып алуу боюнча бүтүм дагы деле жабыла элек, а социалдык түйүндө катталбаган колдонуучулар үчүн баракчаны бир нече ай мурун гана сынап башташкан. Алдыда Twitterди дагы көптөгөн чыгашалуу кварталдар күтүп турат, бирок бардыгы жакшы аякташы мүмкүн: менин пикиримде, эң жакшысы социалдык түйүн өтө узак жана бактылуу жашайт.

Автор: Азамат Өмүралиев