Кыргызстандын «Азия Микс» командасы Шайыр тапкычтар клубунун (КВН) башкы лигасынын чейрек финалында биринчи орунга ээ болуп, үч сезондон бери алгачкы жолу КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өттү.

КВНдин Жогорку лигасынын үчүнчү чейрек финалдык оюну 30-апрелде болду. Анда алты команда катышты: «Азия Микс» (Кыргызстан), «Плохая компания» (Красноярск), «Мурманск шаарынын курамасы», «Горизонт» (Москва), Грузия курамасы (Тбилиси) жана «Приоритет ДГТУ» (Ростов-на-Дону).

Кыргызстандан барган «Азия Микс» командасы үч сынактын жыйынтыгында максималдуу 10 упайдын 9,8ине ээ болуп, КВНдин башкы лигасынын жарым финалына биринчи орундан чыкты ― бул Кыргызстандан барган команда лиганын жарым финалына өткөн биринчи учур.

Аааааааааааааааа!!!!!! Победа! #азиямикс Спасибо за поддержку!!!!

Фото опубликовано Команда КВН АзияМикс (@asiamix_kvn) Апр 30 2015 в 12:43 PDT

Оюндун эрежесине ылайык, «Азия Микстен» сырткары жарым финалга «Мурманск шаарынын курамасы» менен красноярстык «Плохая компания» командалары да чыгышты.

Эл аралык КВН союзунун сайтындагы тексттик трансляцияга ылайык, бардык үч сынакта тең ― саламдашуу, биатлон жана бир ырдын сынагында ― «Азия микс» эң жогорку бааларга татыган.

Сайттын редакторлорунун жазганы боюнча, кыргыз командасы «Бир ырдын сынагында» англис поэти жана драматургу Уильям Шекспирдин «Ромео жана Джульетта» чыгармасынын негизинде ойлонулуп коюлган номур көрсөткөн.

«Москва көркөм азиаттык театрынын коюусундагы «Ромео жана Джульеттаны» көрсөтүп жатышат. Классикалык чыгарманын баарына белгилүү болгон сюжети тууралуу өз улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып тамашалап жатышат ― номурдун темпи жакшы, тамашалар кыйла эле көп, кээ бирлери өтө күлкүлүү. Абдан колориттүү», ― деп жазды Эл аралык КВН союзунун «Вконтакте» социалдык түйүнүндөгү расмий аккаунту.

Ошол эле тексттик трансляцияда Кыргызстандан барган команданы «оюндун талашсыз жеңүүчүсү» деп аташты.

«Бүгүнкү оюндагы «Бир ырдын сынагында» командага экинчи жолу «Баракелде» деп кыйкырып жатышат. Достор, өтө күтүүсүз, бирок бул сынактан вокалды гана эмес, сюжеттик линияны да сыгып алса болот. Көрүүчүлөргө кошулам: «Баракелде!», ― деп кошумчалашкан сайттын редакторлору.

«Азия Микс» КВНдин Жогорку лигасында үчүнчү жылдан бери ойноп келет, бирок буга чейинки эки сезондо команда чейрек финалдан кулап, андан аны өтпөй калган болчу.

КВНдин Жогорку лигасы ― Эл аралык КВН союзунун башкы лигасы, а анын алмашкыс алып баруучусу болуп клуб негизделгенден тарта эмгектенип келген Александр Масляков эсептелинет.